www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамен уламышка айланган чоң атасы Эсенкул баатырдын кебин эстеди. 1758-жылы калмактардын башына не деген алаамат түшпөдү? Жунгар хандарынын бийлик талашып, бири-бирин тытып жатканын пайдаланып, чүрчүттөр Жунгарстанга басып киришет. Кытай  аскери ажыдаардай ооп тартып кирди. Алар эч кимди аяшкан жок, бешиктеги алдейлеген баладан, бели бөкчөйгөн кемпир-чалга чейин ажал кылычынын алдында калышты. Кечээ эле кыргыз, казак, өзбек жерине өз сөөлөтүн орнотууну көздөгөн калмак деген улут тыптыйпыл жок болду. Калмактар жердеген тарап катуу, кыйраткыч соккуга кабылды. Бул согушта Жуңгар хандыгы кыйрап жок болуп,  миллиондогон калмак канга бойолуп жатты. Калмак жашаган жер өлүк жыттанып, көп жылдар карга, кузгундун, чөөнүн уюгуна айланды. Ырайымсыздык менен кырылган Жунгарстан тарп аңдыган бөрү, куштардын мекенине айланды. Саңырсыган бул аймактын үстүндө бир топ жыл тарп аңдыган куштар учуп, тарп аңдыган чөөлөр шимшилеп калды.

Аман калган калмактар кечээ эле ырайымсыздык менен талкалап келген кыргыз, казакка баш калкалап киришет. Ырайымсыздык менен тукум курут болгон калмактардын  бир бөлүгү кыргыз журтуна баш калкалап, кийин сарт - калмак деген бир урууга бириккен. Калмактарды  басып алгандан кийин Чын бийлиги бул аймакты Синьцзян же кыргызча жаӊы чек деп атаган. Жуңгар хандыгын талкалаган соң, ортодогу калмактар бөлүп турган Чын бийлиги кыргыздар менен чектеш болуп калды. Ажыдар кыргыз жерине жакындап келди. Чүрчүттөр калмактарды багынтканга тойбой, кыргыздарды багындырууга умтулуп, коркунуч туудура баштайт. Муну түшүнгөн кыргыздар бир муштумга биригишип, кубаттуу күчкө айланган да, Синьцзянда калган түрк элдеринин кытай баскынчылыгына каршы күрөшүнө зор колдоо көрсөтүп турган. Ошондой чүрчүттөр менен салгылашуунун биринде казак колун Абылай хан жетектесе, кыргыз колун Маматкулдун небереси жаңы айбат көрсөтүп келаткан, жаш Эсенкул  жетектеген. Кытайдын кумурскадай жер жайнаганын колун Эсенкул ошол салгылашта туйган. Улам кырса, улам түгөнбөгөн чүрчүттөрдү көрүп, кандай ажыдаар кыргыз менен чектеш келгенин билген экен. Ошол салгылашта кытайлардын көптүгүнөн тоолор менен кыргыз, казактардын каармандыгы гана сактап калгандай. Кыргыз жерин жөн гана басып алгысы келген Чын бийлик төбөлдөрү кыргыздардын чүрчүт аскерлерине берген туруштугун байкап, кыргыздарга кылдаттык менен абайлап мамиле кылып, аларды тынчтык сүйлөшүүлөр аркылуу өз тарабына тартууга аракеттене баштайт.

Шамен тууралуу Чүйдүн манаптарынан алдын-ала сураштырганда  манаптардын көбү Шамен оңой менен адамга сыр бербеген, башка манаптардай чабылып, чачылбай, дүнүйөгө сарамжал мамиле кылган манап катары баа беришкен. Демек, иштин түйүнүн бир жолу отурууда чечүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан бул ирет Кытайга баратканда бул сырдын четин ачып, эмки жолугушууда бетме-бет отуруп, чечүүнү туура көрүп баратты Колпаковский. Чыгыш элинин каада-салтын бекем канына сиңирип келе жаткан славян элинин өзүн «великоросс» деп жогору сезген генералы кыргыз манабына жолугар алдында бир нерседен бүшүркөп турду.

Минген ат кетип баратып таштап койгон богундай, жоон-белестерде малдын тумшугу тийген кээ бир жерлердеги көк чөптөр, бул аймакта мал-жан бар экенин билдирип турду. Бир белести ашкан соң кырка тизилген боз үйлөр көрүндү. Аларды тосуп алган Шамендин жигиттери боз үйгө кийиришет. Боз үйгө тилмечи экөө кирген, орус империясынын аскер гүбүрнатыры Колпаковскийдин ичи муздай түштү. Кыргыз элинин бир манабы Шамен аны мындай салкын кабыл алганына тырчып барып оңолду. Анткени, боз үйдүн ичи канча жасалгаланганы менен аны салтанаттуу тосуп алган эч ким болгон жок. Чүй тараптын манаптары Колпаковский келатканын алыстан угуп, алдынан оңкочук-тоңкочук атып тосуп алышып,  Колпаковскийге эпилдеп-жепилдеп турушчу. Шамен деген ким, ал эмес Ак өргөөсүндө тосуп алууга жараган жок. Аңгыча болгон дасмиясын көтөрүп Шамендин жигиттери кирет. Баглан козунун жаңы бышкан эти тартылып Колпаковский менен тилмечинин алдына коюлат.

 «Чын куранда, чыңыртып кулун байлайт» -дейт, Чүй тарапта табият ажайып изин тартып, жаратылышка жан киргенсип, эл жаз жытын жыттап калган. Бул жакта жаздын изи эмес жыты да жок. Мандаштокум отурган манаптар менен эзилише отурган соң козунун этинен соң балкымыз тартышкан, Шамен эмне кылар экен? Чүйдүн манаптарынан мындай сыйды көрүп келаткан Колпаковский балкымызды күтүп отурду. Аңгыча боз үйдүн эшиги ачылып, Шамендин жүзү көрүндү. Экөө ал-жайды сурашып бир азга отурган соң, кетүүгө даярданып комдонуп турган Колпаковский ордунан козголду. Шамендин аны кайра отургузуп, кымыз тартаар түрү жок. Ошондо Улуу Орусиянын гүбүрнатыры суусап турганын тилмечи аркылуу түшүндүрөт. Шамендин көрсөтмөсү менен жигиттери айран алып келип чөйчөктөр менен Колпаковскийге сунат. Айранды жутуп ийген Колпаковский эмне кылар экен деп, намыянына кол салып, бир-эки жылкылык наркы бар алтын жалатылган монетаны Шаменге сунат. Шамен эч камырабай туруп: «Улуктун бергени, кудайдын бергени» - деп аны алып туруп капчыгына салып койот. Кайра Кытайдан келатканда Соң-Көлдөн жолугушуу тууралуу сөздөрүн бекемдеп Колпаковский Кытайды көздөй жүрүп кеткен. Колпаковский кетип баратып: «Эл айтканы туура экен, Чүй, көл тарапта манаптар, мени көрсө гүбүрнатыр келиптир дешип, 5-6 күн коноктошот, Шамениң айранын да алтынга сатат экен» - деген ойго батат. Мына эми Колпаковский келер алдын боолголоп, Шамендин Соң-Көлгө бара жатканы.

Таң сүрө булуттар тоо этектеп түшүп келип, бейкут таңдын көркүн ачып, себеленген жамгырдан айлана чыйрыга, шүүдүрүмдүү чөптөр магдыроодо. Табият койнундагы аруулукка таазим этип, жаратылыш бейкут айланага кулак түрөт. Шамен таң сүрө ойгонду. Көзүн ачып тымтырс турган боз үй ичине бир сыйра көз жүгүрттү. Боз үйдүн ичинен сыртка чыкты. Күн чубагы сары асканын чокусунан бери чачырай элек. Чөлкөм бүтүндөй көлөкө жамынып, көлөкө менен кошо таңкы жымжырттык көлбөп жаткан, тоо беттеринде, жымжырттыкты бузуп, суурдун аңкыштаганы угулду, үндү улай караган Шамен тиги жактан ийинди, ошол ийиндин жанында, кош аяктап тик турган суурду көрдү. Айлана мемиреп али уйкусунан толугу менен ойгоно элек. Шамен терең ойго батты.

Сарбагыш уруусу баш болгон жалпы элдин намысын коргоодо кылыч мизин басып кыргын түшчү алааматтарды болтурбай калган учурлар ушул күнгө чейин эл арасында жомоктолуп аңыз болуп айтылат. Ошондуктан аны Ормон хан көзү өтөөр алдында эстеп, көлдү үч айлангыла деп керээз айтып жатканда жумшарып, «менин кунумду Шамен кессин» деп бекер жеринен айткан эместир.

Гүбүрнатыр Колпаковский  ак падышанын аркасы менен кыргыз жеринин чек арасы үчүн ат салышып жүрөт.  Кытай деген сансыз эл, топтолтура казанда кайнап жаткан суу сыяктуу, кокус чүрчүттөр толкуса ким токтото алат? Казандагы суу кайнап ашып-ташыса, аны ким токтото алат эле?

Шамендин чоң бабасы Маматкул бий калмак баскынчыларына каршы күрөштө кыргыз урууларына башчылык кылган, жоонун жортуулдарынын маалында бүлгүнгө учураган, чачыраган элдин башын бириктирүүгө жана ошол кыйын кезеңде көз каранды эместик үчүн кармашта кыргыздарга арка бел боло ала тургандар менен мамиле кылууга көп күч жумшаган. Кытай аскери менен кыргыздар 1758-жылы да кагылышат. Чын генералы Чжао Хойдун кошууну качкан калмактарды куугунтуктоону шылтоо кылып Иле өрөөнү аркылуу Сан -Таш ашуусунан өтүп, Ысык-Көл кылаасына кирип келген. Белек башында турган көлдүк урууларга Маматкул кол жиберет, айыгышкан согуштан кийин кытай аскерлерин кыргыз жерин таштап кетүүгө мажбур кылышат. Кыргыздарды күчкө салып багындыра албасына көзү жеткен Кытай бийлиги алар менен тынчтык байланышты түзүүгө аракеттенет. Генерал Чжао Хойдун демилгеси боюнча кыргыздардын атынан Шамендин чоң бабасы Маматкул бий 1758-жылы өз элчилерди атайын жабдып, Бээжинге жөнөткөн. Элчилерге Маматкулдун небереси Черикчи башчылык кылып, солто уруусунан кытай тилин жакшы билген Нышаа баатыр, саяк элинен Төрөке, кушчудан Шүкүр сыяктуу, ар бир уруудан өкүлдөр барган. Элчилерди Кытай императору Цянь-Лунь жылуу кабыл алат. Элчилер кытай бийлигине мурда жунгарлар басып алган жайыт-конуштарды кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Кытай императору териштирип көрөйүн деген убада берген. Бирок кыргыздар императордун жообун күтүп олтурбай эле, ал жерлерди ээлеп алышкан. Синьцзянда Кытайдын бийлиги орногондон кийин, ал жердеги кыргыздардын бир бөлүгү Ала-Тоого журт которот. 1760-жылы миңден ашуун чериктер Кашкардан Ат-Башыга көчүп келген. Канткен күндө да кыргыз жеринде туруктуу жашаган кытай аскери, аскердик чептер, турак жайлар болгон эмес. Чүрчүт аскерлеринин зордук-зомбулугуна кыргыздар татыктуу жооп кайтарышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости