www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөк менен бөйрөк оорусун кайсы чөп айыктырат?

Карандыз (девясил)- жүрөк, бөйрөк оорусун айыктырат, боорду тазалайт, кандын  артериясын калыбына келтирип кан басымына пайда келтирет, бир топ жугуштуу ооруларды кетирет.

Сентябрь-октябрь айларында чөптүн тамыры эң сонун дары болот. Терип, салкында кургатып, ичкенде тамырынын узундугу 5 см ашпаш керек. 3 күн ичип, 3 күн ичпей, дагы 3 күн ичет. 3 жолу кайталап, анан 1 ай өткөн соң кайталайт. Аны 1 чыныдан ичсе 9 ооруну айыктырат. Карандыздын боюу 60-70 см болот, ромашкага окшош сары гүл ачат, гүлдүн ортосу кара болот. Карандыздын тамыры күчтүү келет, көп ичүүгө болбойт, 1 тамырын 5 см узундукта кесип алып, 2-3 ст баткан чайнекке демдеп, 3 маал ичет.

Касиеттери:

Жүрөк оорусуна, кан басымына пайда келтирип, бөйрөк оорусун айыктырат; боорду тазалайт; кандын  артериясын калыбына келтирип бир топ жугуштуу ооруларды кетирет. Карандыздын тамырын демдеп ичсе, сары суу оорусуна , ичи, буту шишип кеткендерге жардам берет.

Анемия менен ооругандарга карандыз ичүүгө болбойт, анткени кан басымы ылдыйлап кетет.

Ар ким өзүн ден соолуктамын деп эсептеш керек. Жана ар ким өзүн дарылап туруш керек.Бул бүгүнкү күндүн талабы! Оорусузбу, соосузбу, карысызбы, жашсызбы дарыланып турсаңыз дарт өзү качары бышык. Дары чөптү кайсы мезгилде, кандай убакта пайдаланыш керек. Мунун сырын адам билиш керек. Анткени, биз дарылык касиети кең Кыргызстанда жашап атабыз. Чөптөрдүн дарылык сырын билсек, кымбаттап бараткан ушул жашоодо, өзүбүзгө жашоонун кенен жолун ачабыз.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости