www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттеги фракциянын жыйынында кечээ күнү энергетика министринин орун басары Айталиев – Минэнергонун былтыркы кирешеси 23 миллиард, ал эми чыгашасы 29 миллиард сом болгонун белгиледи. Айырма – Минфинден алынган насыя менен жабылган. Министрликтин бюджетке болгон жалпы карызы болсо 137 млрд сомго жеткен.
Айталиевдин айтымында, электр энергиясына болгон тариф көтөрүлмөйүнчө, маселе улана берет. Мисалга, үстүбүздөгү жылы Минэнергонун кирешеси 24 млрд, ал эми чыгашасы 40 миллиард сомго жетээри күтүлүүдө. Чындап эле, тариф көтөрүлсө, маселе бир кыйла жумшармак, бирок энергетиктер арасындагы коррупция болбогондо, маселе жумшармак турсун, жоюлуп да кетмек.
Бишкекте 8-апрелде болуп өткөн энергетикалык форумда – өлкө экономикасын сүрөп кете тургандын ордуна, энергетика аны артка тарткан тармакка айланып калды деп айтылды. Бул тармакты реформалоо тарифти көтөрүү менен гана чектелсе, анда коррупция жашырылып калмак турсун, аны актагандык да болуп калат.