www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ышкындын ден-соолукка пайдасы

Түркиялык кардиолог жана терапевт Канан Каратай ышкынды дүйнөдөгү эң пайдалуу азык деп эсептейт. Адистин пикиринде, бул өсүмдүк кандагы кантты жана кан басымды көзөмөлдөөгө жардам берип, Альцгеймер оорусун алдын алат.

Дарыгердин пикирине таянып Р-Спорт басылмасынын жазганына караганда, ышкын боорго, калкан безге жана мээге да оң таасирин тийгизет.

"Эгер аны жумурткага аралаштырып жесеңер, ого бетер пайдалуу болуп калат. Тагыраагы, мындай аралашма антиоксиданттарга жана витаминдерге бай", — деди адис.

Ышкындын дагы кандай пайдасы бар:

А, В, С, Е жана К витаминдерине бай;

иммундук системаны бекемдейт;

тамак сиңирүү системасын жакшыртат;

терини калыбына келтирет.

Баса, ышкындан көптөгөн дары-дармектер жасалары маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости