www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токаев Талгарбековдун изине түшкүсү келип жаткандай Казакстан Кыргызстан сыяктуу СССРдин бир республикасы болуп келген. Талгарбеков айыл чарбасына реформа жасаган соң Назарбаев да биздин жолду тутуп, бирок өз эрежесин киргизген. Ошондуктан ал жерде чарбалар таратылган соң, сөз жок жерди бөлүштүрүүгө райондук, облустук жетекчилердин уруксаты керек болгон.
Эгер бизде райком, обкомдор кийлигишсе реформа аксап көпчүлүк жерди алардын жакындары ээлеп калмак. Бизде ар бир элеттик адам өз жер үлүшүн жана башка айыл чарба жабдыктарын район, облус жетекчилери жок эле өздөрү бөлүп алышкан. Казакстандын президенти экс-президент Назарбаевди бардык тараптан кысымга алып келатат.
Жакында Токаев айыл чарбасындагы реформаларды карап чыгуу боюнча көрсөтмө берди. Ар бир чарбада район, облустун жетекчилеринин жакындары миңдеген гектар жерди ээлеп алышкан. Казакстандын аймагы чоң ошондуктан биз сыяктуу соткалап алышпай миңдеген гектар жер алышкан. Назарбаевди убагында президент болуп турган Атамбаев да кодулаган. Атамбаев ТЭЦти ашагандан башка көзгө көрүнөрлүк иш деле жасаган эмес.
Айыл чарбасы даяр реформа менен өз жанын өзү багып кеткен. Учурда камалып жаткан Атамбаевди «Тез жардам» алып кетти дешет. Ал эми андан мурун Михаил Горбачевдун кайра куруу саясатынан улам эч ким солкулдата албаган СССР он беш мамлекетке бөлүнүп кеткен.
Чындыкты айтыш керек союз убагында айыл чарбасы дотацияда туруп, анын үстүнө Алыкул айткан «Орусия энебиз» дегендей алар арзан бензин, техника жана башка айыл чарба шаймандары менен өтө арзан баада жабдыгандыктан колхоз-совхоздор «Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» калышкан. Башкасын койолу бензин менен кийимин жууп, ай талаага төгүп калышкан.
1985-жылы мартта Генералдык катчы Устинов жарык дүйнө менен кош айтышат. Анын ордуна Сталиндин кол алдында иштеп, Хрущевдун убагында 1957-жылы тышкы иштер министри болуп отуз жылдан ашуун иштеген Андрей Громыконун кол баласы Михаил Горбачев келет. АКШнын айтканын тоту куштай кайталаган Горбачев СССРди түп - тамырынан талкалап, инфляция 1000 эсе көтөрүлүп, дүкөндөрдүн текчелеринде эч нерсе жок, эл бийликке жалдырап сельсоветтен карточка алып, оокат кылып калганын ким танат.
Ошого карабай Горбачев 1989-жылы спикер болсо, 1990-жылы талапкер Ельцинди талкалап, СССРге президент болот. Ал эми өлкө талкаланып бүтүп калат. Ушуну эске алып Горбачевду жоготуш үчүн ГКЧП түзүлүп, бирок бийликти алууга духу жетпей калат. СССРдеги көпчүлүк республикалар Москваны караганы менен эгемендүүлүк жарыя кылышат.
1991-жылдын 6-сентябрында Горбачев Литва, Латвия, Эстониянын СССРден бөлүнүп кетишин тааныйт. 1991-жылдын 8-сентябрында РСФСРдин президенти Ельцин, Украинаны президенти Кравчук жана Белорус спикери Шушкевич Беловеж токойунда СССРди таратуу боюнча келишимге кол коюшат. Ошол күнү РСФСРдин вице-президенти Александр Руцкой Горбачев менен жолугуп СССРди таратам дегендерди камоону сунуш кылат. Горбачев биз жакында Ново-Огаревада президенттер жолугуп, СССРди сактап калабыз деп макул болбой койот. 18-декабрда Литва, Латвия, Эстония жана кол коюудан баш тарткан Грузиядан тышкары КМШ түзүлөт.
Бирок, 25 –декабрда СССРдин күнү бүтүп Горбачев ядролук куралдарды башкарууну Ельцинге өткөзүп берет. Эми айыл чарбасына келели биздин партократтар айыл чарбасында болгон кемчиликтерди реформатор Талгарбековго үйүп келатат. СССР тараган соң мурун деле аңды карап калган айыл чарбасы биротоло эңшерилет. Айрыкча, биздин Кыргызстанга окшогон айыл чарбасына таянган республикаларда бул тармак катаал кризиске учурайт.
Айыл чарбасын сактоо үчүн мурунку СССР республикалары ар кандай жолго түшкөн, башынан баштайлы: 1.Орусиянын президенти Ельцин айыл чарбасына эч деле көңүл бурган эмес. Анткени, Орусия айыл чарбасы жок деле, өнөр жайы менен оор кризистен чыгып кетмек. Ошол кездеги Жириновскийге окшогон саясатчылар бекер жем жеген Кыргызстан сыяктуу республикаларды жоготсок, Орусия күн көрүп кетет деген пикирде болгон. Орусиянын айыл чарбасы таланып-талкаланып, канча миңдеген гектар жерлер жер жүзүнөн жексен болуп келаткан. Путин президент болгону бул алаамат аз-аздан тизгинделип келатат.
Айыл чарбасына реформа жасаган Бекболот Талгарбековдун пикирин угуп көрөлү: «Тилекке каршы, комплекстүү, ийгиликтүү экономикалык реформа жүргүзүлбөдү. Алар Орусияны карап, аны туурашкан. Орустардын Чубайс деген реформатору постсоветтик өлкөлөргө «маяк» болду. Анын реформасынын натыйжасында жаңы Россияда 78 миң өнөр жай ишканалары тыптыйпыл талкаланды. Жүз миң айыл-кыштак жер үстүнөн жоголду. Чубайсты пир туткан кыргыздын алгачкы реформаторлору Кыргыз ССР өнөр жайынын төрттөн үчүн жок кылышты.
Айыл чарбада гана аграрчылар, Чубайстын шакирттери менен салгылашып, укукту алардан өздөрүнө алып, жер жана агрардык реформа жүргүзүп, айыл өндүрүшүн 1989-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйтө алышкан». 2. 1991-жылдын 6-сентябрында СССРден бөлүнүп кетишкен Литва, Латвия, Эстониянын ал-абалын карайлы.
Буга да белгилүү айыл чарба адиси Бекболот Талгарбековдун пикирине таяналы: «Прибалтика республикалары 1940-жылы СССРдин курамына зордоп киргизилгени белгилүү. Алар союз жоюлаар замат өнөр жай тармагында Бальцеровичтин реформасын колдонушкан. Ал эми айыл чарбасында колхоз-совхоздорду дароо жоюп, жерлерди 1940-жылга чейинки менчик ээлерине кайтарышкан. Прибалтика өлкөлөрү он чакты жыл аралыгында Европа стандартына кайтып, татыктуу жашап-иштөөгө өтүшкөн».
Түшүнгөндөргө эскертип койолу ата-теги бай жашаган бирин -экин адамдарга гана жерлер дүңүнөн кайтарылып берилген. Ал эми ата-теги жакыр жашаган элдин 90 пайызы жер үлүшү жок калган. Мисалы, Кочкор районун Ормон, Төрөгелди, Шамендин тукумдары бөлүп алган, мага окшогон чоң атасы бий болуп анча-мынча жерлери бар адамдар бир-аз үлүш алган, калгандарга колдун салаасынан бармагын көрсөтүп коюшкан. 3.Кавказ боюнда болсо да Литва, Латвия, Эстония сыяктуу реформага барган Арменияны алалы.
Бул боюнча да белгилүү адис Талгарбековдун пикирин угалы: «Реформага барган төртүнчү республика – бул Армения. Анын акыбалы 90-жылдары катастрофа чегинде болгон. Азербайжан менен согушуп, толук блокадага кабылган. Ачарчылык кокодон алып, энергетикалык кризис курчаган. Токтоосуз реформадан башка арга калбаган. Аларда «колхоз, совхоздор кан-жаныбыз, ата-энебиз» - деп сайрашкан биздегидей «булбулдар» болгон эмес.
Ошондуктан президент Тер-Петросян 1990-жылы январда өз жарлыгы менен колхоз-совхоздорду жоюп салган. Жер, мүлк айыл элине таратылып, 320 миң дыйкан чарба түзүлгөн. Жыйынтыгы, эгер 1990-96-жылдары, мисалы, Орусия, Грузияда айыл чарба өндүрүшү 60 пайызга төмөндөсө, Арменияда тескерисинче 120 пайызга өскөн». 4.КМШны тааныбай кылжың-мылжыңдап турган республикалардын бири Грузия. Бул жерде улам бийлик алмашып отуруп, мурунку компартиянын биринчи секретары, кийин СССРдин тышкы иштер министри болгон Шеварднадзе президент болот. Жүрүп отуруп реформатор катары таанылган Михаил Саакашвили президенттикке келет.
Талгарбековду тыңшап көрөлү: «Реформатор бешинчи өлкө – бул Грузия. 2004-жылы 4-январда президент болуп Михаил Саакашвили шайланат. Агезде өлкөнү коррупция туташ чырмап, криминал башкарчу. Саакашвили «караларды» аёосуз талкалаган. Коррупция күрөшүн көрөлү. «Транспаренси Интернешнл» уюмунун дүйнөлүк рейтинги боюнча 2003-жылы Кыргызстан 116-орунда, Грузия артта, 125-орунда турган.
Ал эми 2020-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 124-орунда, Орусиядан жогору. Грузия болсо 46-орунга көтөрүлгөн. Ошондой эле, «бизнеске жакшы шарт түзүү» дүйнөлүк рейтинги боюнча учурда Кыргызстан 80-орунда, Грузия болсо 7-орунда. Кандай зор айырма, кандай укмуш прогресс! Саакашвилинин реформалары дүйнөлүк деңгээлде жасалган, мыкты үлгү катары тарыхта калат».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg