www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүйүнчү, Эдил Байсалов үйлөндү

Ак үйдөн чыгып бара жаткан Эдил Байсаловдун маңдайынан шыңга бойлуу, маралдай керилген кыз басып өтүп кетет. Көзү токтоп калган Эдил Байсалов тулку бою дүркүрөп, дене бою калтырап токтоп калат. Түнү бою кирпик какпай чыккан Эдил Байсалов кечээги керилген маралды көрүү үчүн кабинетинде олтура албай улам сыртка чыгып, ишинен алагды болот. Тагдырдын тамашасын кара кечээги пери кечке жуук ажаатканан алдынан чыгып Эдил Байсаловду сүзүп алат.

Эдил Байсалов шашканынан:

- "I am sorry", деп жиберет.

Сүрдөп кеткен уяң кызга Эдил Байсаловдун бою менен маданияттуулугу жага берип:

- Эч нерсе эмес, уятыңыз жок экен, деп кетип калат. 

Артынан Эдикем чуркап барып таанышып, кечинде кофе ичкенче жолугалы дейт. Кечки саат 17:00. Эдил Байсаловдун жүрөгү дүкү-дүк. Ал аңгыча керилген марал кирип келет.

- Атыңыз ким?

- Элмира.

- Жолдошуңуз барбы?

- Жолдошум болсо сизге жолукпайт элеминда.

- Сиз мени бир көргөндө эстен тандырып койдуңуз Элмира. 

- (Күлүп) Мени көрүп эстен тангандардын көбү өлүп, ал тургай айрымдары качып кетти.

Байкуш Эдил Байсалов таң калып карап:

- Кандайча? 

- Ак үйдө иштегениме 30 жыл болду. Анысы го мейли, ар кимди чанып жүрө берип жашым 55ке келип калганын билбей калыптырмын, дейт.

Аңгыча эле сүйүүгө мас болуп келе жаткан Эдил Байсаловдун жүрөгү токтоп кала жаздап: “Кетеличи, мамам чакырып жатат, ой, Садыр Нургожоевич. Баса, мен сага бир тыйын карыз эмесмин” дейт имиш.

Ошентип, жолугушуу бүткөндөн кийин Эдикем Ак үйдөгү жаш көрүнгөн кызматкерлерди кызматтан алам деп ичинен чечим чыгарган сыягы, демиш болуп "Тамаша торго" салдык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости