www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштагы бир канча мамлекеттердин Кытайдагы элчиликтери бир топ айлардан бери украиналык желектерди жана плакаттарды эл көзүнө илип алгандыктары белгилүү. 

Кытай өкмөтү элчиликтерди Украинаны колдогон мындай «пропагандалардан» алыс болууга үндөдү. Буга чейин Кытай өкмөтү россиялык күчтөрдүн Украинага согуштук аракеттер менен кирип баруусуна бейтарап мамиледе экендиктерин жарыялап келишкен. 

Ушул жумада Пекин Украинага жана Россияга «согуштук тирешти жөнгө салуу» үчүн атайын өкүлүн жөнөткөн, бирок, чет өлкөлүк аналитиктердин айтымында каршылашкан эки тараптын эч кимиси согуштук ок атууларды токтоткулары жок.  

Канада, Финляндия, Франция, Германия, Швеция жана башка мамлекеттердин элчиликтери бир топ айлардан бери украиналык желектерди жана «Биз Украинаны колдойбуз!» деген жазуудагы плакаттарды имараттардын эл көргөн көчө жак беттерине илип, тилектеш экендиктерин билдирип келишет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости