www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Украинага аскерий жардам жаңы көйгөйлөрдөн башка эч нерсе бербестигин түшүнө баштады, ал эми кризис канчалык узакка созулса, АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү ошончолук көп зыян тартаарын Кытайдын Global Times гезитиндеги макаласында айтылат.

"АКШнын президенти Джо Байден Украина менен "канча убакыт керек болсо, ошончолук" калууга убада бергени менен, жаңжалдан жана Украинадан чарчоо Америкада да, батыш союздаштарында да байкалууда, айрыкча, энергетика жана азык-түлүк кризисинин башталышы менен инфляциянын өсүшү жана Киевдин муктаждыктарына сарптоо", - деп белгиленет макалада.

Маселен, АКШ менен Батыштын Киевге жардамын качанкыга чейин улантат деген суроолор көбөйүүдө, кээ бир америкалык маалымат каражаттары Американын Украинага эбегейсиз чоң чыгымдарын кооптондуруу менен жазып чыгышты.

"Адегенде АКШ Украинаны Орусияны алсыратуу үчүн маанилүү пешка катары колдонууну көздөгөн. Парадоксалдуусу, аны сындыруу мүмкүн болгон жок. Тескерисинче, Москва өзү мындай абалдан пайдаланып, АКШ менен Батыш өлкөлөрүн кынтыксыз абалга кептеди. Америкалык стратегия Америка Кошмо Штаттарына бумеранг менен сокку урушу мүмкүн", - деди аскерий эксперт Сун Чжунпин Global Times гезитине.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости