www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаз майрамында Нинся-Хуэй автономиялуу районунун (Түндүк-Батыш Кытай) бардык деңгээлдеги медициналык мекемелеринин дарыгерлери өз кызматтарында бекем туруп, калктын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн күнү-түнү медициналык жардам көрсөтүшөт. Мында ймаалыматты NazarNews маалымат агенттигине CCTV plus агенттиги билдирди.

Гуюань шаардык элдик ооруканасынын респиратордук медицина жана интенсивдүү терапия бөлүмүнүн башчысы Чу Синся нөөмөттү кабыл алып, 21-январда, Кытайдын  жаңы жылынын алдында жана жаз майрамында таң эрте палаталарды кыдыра баштады.

Ал үчүн 28 жылдык дарыгерлик кесипти аркалаган адам жаз майрамында нөөмөттө болуу адатка айланып калган.

"Албетте, Жаз майрамын үй-бүлөм менен өткөрө албаганым бир аз өкүнүчтүү, бирок биздин биргелешкен аракетибиз менен дагы көп бейтаптар тез айыгып кетээрин көрүп абдан кубанычтамын. Талыкпаган эмгегибиз 2013-жылы өз жемишин берди", - деди Чу Синся.

Кытайда COVID-19 илдетинин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды оптималдаштыруудан кийин, өлкөнүн негизги медициналык мекемелери айыл тургундары үчүн эпидемияга каршы тоскоолдукту түзүүгө көп күч жумшашты.

21-январдан 27-январга чейин Кытайдын жаңы жылы майрамында Нинся-Хуэй автономиялык району негизги калктын ден соолук абалына мониторинг жүргүзүү, эпидемияны алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, айыл тургундары үчүн эпидемияга каршы тоскоолдукту күчөтүү жана алардын медициналык жардамга болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ар кандай чараларды көрдү.

Белгилей кетсек, Кытай Жаңы Жылы - Чунь цзе, жаз майрамы дегенди билдирет, кытайлар үчүн эң маанилүү майрам, ал эки миң жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келет. Ал жылдын биринчи айынын биринчи жаңы айына, 12-январдан 19-февралга чейин туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости