www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төкмө акын Болот Назаров бошотулду

Ат уурдоого шектелип кармалган төкмө акын Болот Назаров бошотулду. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын иши бүгүн, 24-январда Москва райондук сотунда каралган. Жабырлануучу тараптан тосмо арыз түшкөндүктөн, иш кыскартылып, Назаров сот залынан бошотулду.

Эскерте кетсек, Болот Назаров былтыр ноябрь айында жылкы уурдоого шектелип кармалган.

Андан кийин жабырлануучу тарап төкмө акын Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин билдиргенине карабай ал камакка алынып, ушул күнгө чейин СИЗО-1де отурган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости