www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектелип кармалган жарандын иши кыскартылып, камактан бошотулду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, карыя тосмо арыз жазып, эки тарап макулдашууга келгендиктен 16-январда Токмок шаардык сот тиешелүү токтом чыгарган.

«Жабырлануучу менен айыпталуучу макулдашууга жетишкендигине байланыштуу кылмышы иш кыскартылган», — деп билдиришти облустук соттон.

Иш жапылгандыгына байланыштуу айыпталуучу камактан босотулган.

Эскерте кетсек, 16-октябрь Токмоктогу кичи базарда карыя 120 мин сомун уурдатып, ага кайдыгер эмес жарандар акча чогултуп берген. Кийинчерек милиция карыянын акчасын уурдоого шектеп 39 жаштагы жаранда кармаган. Шектүү карыянын 120 мин сомун кайтарып берген.

Карыя кайтарылган акчаны кайрымдуулук үчүн жумшай турганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости