www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми электр энергиясынын 1 кВт сааты 1 сом болот. Бул туурасында президент Садыр Жапаров билдирди. Натыйжада, бул жаңылык коомчулукта кызуу талкууланып, ар тараптуу ача пикирлер арбын айтылып жатат. Колдогондор да, жактырбагандар да кѳп. 

Электр энергиясына тарифти кѳтѳрүү боюнча Өлкө башчысы өз сөзүндө: 

— Эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбаптыр. Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге өсүптүр. Курулуштардын саны дагы эселеп өсүптүр. 
Ал эми электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болууда. Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда аба чубалгылары да жаңыланган эмес. 

Электр жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80%дан жогору. Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Так кесе айтсам энергетика тармагыбыз чала жан болуп калган.

Учурда электр энергиясынын тарифин тоо кен казган тармактарга 5 сом 04 тыйын, мамлекеттик жана орто ишканаларга 3 сом 40 тыйындан кылып, элге 0,77 тыйындан калтырганбыз... Ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. 

Себеби бүгүнкү күндө электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт, - деп маалымдады. 

Ырасында, президенттин айткан сөздөрү жүйөөлү. Электр тармагынын жабдуулары эскирип, жогорку чыңалууну көтөрө албай жатат. Электр энергиясына болгон бааны көтөрүп, андан түшкөн каражатка электр жабдууларын жаңылоо, зарыл чаралардан болуп турганын жокко чыгарууга болбойт. Ансыз кырдаалдан чыгуу кыйын. 

Бирок, алгач энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу керек. Тыштан алган насыялардын көбү дал ушул энергетика тармагын жаңылоого сарпталган. Канчасы өз дарегине жетип максаттуу пайдаланылды, канчасы желип кетти, инвентаризация жүргүзүп, ичип-жеген коррупционерлерди жоопко тартуу кажет. Президент айткан, 137 миллиард сом карыз эмнеден улам чогулганынын дайын-дарегин таап, элге ачык жарыялоо керек. Ошондо эл ишенет. Антпесе, тарифтин баасын көтөрүп коюу менен эле маселе чечилип калбайт. Биринчи энергетикадагы уурулукту ооздуктоо зарыл. 

Бизде тариф эле эң төмөн, Россия, Казакстан, Кытай, Америка, Европа өлкөлөрүндө электр энергиясына болгон баа жогору деп жүйөө келтирген суу кечпейт. Мындай мисал элдин кыжырын гана келтирет. Себеби, ал жакта элдин жашоо деңгээли жакшы. Экономика кубаттуу. Айлык акы жогору. Азык-түлүк, техника, курулуш материалдары, нефть арзан. 

Анан аларды айтпай эле, электр энергиясынын баасы бизде арзан, башкаларда кымбат деп тарифке жармаша берүү акылсыздык. Айлык маселесин айтпаганда дагы, бизде тарифтин төмөн болгонунун себеби, электрди өндүрүү агып кетчү суудан алынгандыктан арзан. Чыгым жок. Башкалар гидроэлектр станциялардан эмес, көмүр, мазут сарптап ТЭЦтен жана АЭСтен (атомдук электр станциясы) алат. Ошол үчүн баасы жогору. Айырма асман менен жердей. 
Ошондой эле, жеке менчик электр бѳлүштүрүүчү компанияларды жоюп, электр тармагындагы коммерциялык, техникалык жоготууларды азайтабыз, коррупциялык схемалар жоюлат деген абсурд. Азыркы тапта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны 28ден 12ге чейин олуттуу кыскарды. Дагы да болсо электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда. Мындай мамиле кырдаалдан чыгарбайт. 

Анткени, жеке бөлүштүргүч компаниялар, жалпы өндүрүлгөн электр энергиясынын болгону 2%ын, мамкомпаниялар 98%ын сатат! Бааны болсо мамлекет ѳзү аныктап коюп берет. Жеке менчик компаниялар андан бир тыйын ашык кошо албайт. Жеке менчик копанияларда техникалык, коммерциялык жоготуу жокко эсе. Тейлѳѳ сапаты жогору, тез, ыкчам. Электр жабдуулары, тарнсформатор, электр зымдары, мамысы жаңы. 

Ал эми электр энергиясын эң көп мамлекеттик компаниялар уурдатышат же кошо уурдашат. Техникалык жоготуу 12%ге жетет. Коммерциялык карызга мамлекетке караштуу «Түндүк электро», «Чыгыш электро», «Ош электро», «Жалал-Абад электро» деген компаниялар белчесинен баткан. Ал эми карызга баткан жеке компания жок. Демек, урдоо, коррупция мамлекеттик компанияларга мүнѳздүү. Тейлѳѳ начар. Электр жабдуулар эски. Күндѳ авария. Электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү оор. Электр жабдууларын алмаштырдык кылып, эскисин жамап-жаскап коюшуп, жаңысын «адалдап» жиберген, же баасын кымбат айтып, арзан, сапаты начар жабдууларды (анысы ылдам эле күйүп жок болот) орноткон  кѳрүнүш арбын. Анан кантип электр тармагы оңолот? Инвентаризация кылуу ошол үчүн керек. 

Анан эле "жеке бөлүштүргүч компанияларды жоюш керек" дегендин ѳзү, алардын куруп койгон мүлктѳрүн тартып алуу дегенди билдирет. Чындап жоюу зарыл болуп жатса, алардын эмгек менен курган мүлктөрүн өкмөт тартып албай, сатып алууга тийиш. Тешик бюджет андайды кѳтѳрѳ алабы? Кеп ушунда. Анан эле курулай эле ураалап, ач кыйкырык, куу сурѳѳн менен күчкѳ салып маселе чечебиз деген туура эмес. Мыйзам алкагынан алганда дагы, моралдык, абийир ченеминен караганда да аброй алып келбей турган одоно ката болот. 

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, президент Садыр Жапаров айткандай 30 жылда эч нерсе жасалбаптыр деп такыр эле оозду куу чѳп менен аарчып, алакан жайган чындыкка дал келбейт. Ачуу же жагымсыз болсо дагы ѳткѳн бийликтин жасап кеткен жакшы иштерин жокко чыгарбай айткан эрдик. Кызганып, же мен , мен эле деген Жаратканга да жакпайт. Барды бар. Жокту жок деп акыйкатты айткандан эч кимдин эч нерсеси кемип калбайт. 

Дегеним, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Борбордук Азиядагы электр шакекчесине кѳз карандысыз кылып, альтернатива «Даткан-Кемин» подстанциясын, 500 кВ ЛЭП куруп берди. ТЭЦти жаңылады. Эгер ушул иштер жасалбаганда, азыр Кыргызстан караңгынын кучагында отурмак. Бишкек суукта тоңмок. Адилеттик, калыстык үчүн Атамбаевдин бул эмгегин айтуу парзыбыз. 

Кыскасы, электрге болгон бааны коррупцияны жоюу, инветраизация кылуу аркылуу кѳтѳрүү зарыл. Бирок ошол эле кезде, азыркы экономикалык кризисти, кымбатчылык инфляцияны эске алганда, бийликтин саясатына кѳлкѳкѳ түшүрѳ турган, рейтинггин тѳмѳндѳтчү ѳтѳ жагымсыз абал. Анткени, свет кымбаттаса, ага байланышкан ѳндүрүш кымбаттайт. Ѳндүрүлгѳн товардын баасы ѳсѳт. Ансыз да кымбатчылыктан кайышып турган элге, бул жагдай какаганга муштаган болот. Тилекке каршы, электр тармагын жаңылоо учур талабы. Ансыз энергетикалык кризистен кутулбайбыз….

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости