www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай тарап Жиддада өтүүчү Украина боюнча Сауд Аравиянын саммитине катышышы мүмкүн. Бул тууралуу Reuters Германиянын расмий өкүлүнө таянуу менен жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматына караганда, учурда Пекиндин форумга катышуусунун форматы азырынча белгисиз.

Германиянын расмий өкүлү Кытайдын жыйынга жалпысынан катышуусу тууралуу “оң сигналдар” бар деп ырастады.

Анын айтымында, иш-чаранын өзү украин чатагы боюнча тынчтык демилгелерин консолидациялоого салым кошо алат. Агенттиктин булагы форум Украина менен Глобалдык түштүк өлкөлөрүнүн ортосунда диалогду түзүүгө жардам бериши керектигин баса белгиледи.

Кытай Жиддадагы саммитке катышышы мүмкүн деген маалымат Wall Street Journal гезитинде 2-августта чыккан. Гезитте белгиленгендей, жолугушууда өлкөнүн Евразия чөлкөмү боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй күтүлүүдө. Саммиттин өзү 5-6-август аралыгында өтүшү керек жана ага 30га жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Ошол эле маалда Сауд Аравия жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Россияга маалымат бериши ыктымал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости