www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нөшөрлөгөн жамгыр жааган Кытайдын Хэйлунцзян провинциясында көп сандаган жашоочуларды тез арада эвакуациялоого туура келди. Нөшөр Харбин-Муданьцзян экспресс жолун да бузуп салды. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.

Облустун бир катар шаар-кыштактарында 2-августта таң эрте нөшөрлөгөн жамгыр жаай баштады. Сунхуацзян дарыясы агып өткөн Учан шаарында ошол эле күнү саат 19:00гө карата жаан-чачындын көлөмү 100 ммден ашты. Суу ташкынына жана кургакчылыкка каршы жергиликтүү штаб үчүнчү даражадагы суу ташкынына тез чара көрүү режимин ишке киргизди.

3-августта түштөн кийин Учан шаарындагы 6,000ден ашуун жергиликтүү тургун коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Барар жери жок адамдар жергиликтүү бийлик тарабынан убактылуу баш калкалоочу жайга жайгаштырылды.

"Учурда дарыяга жакын жайгашкан 12 айылдын бардык жашоочулары коопсуз аймакка жайгаштырылды. Жалпысынан 1100 адам эвакуацияланды", - деди Сяошаньцзы шаарчасынын Кытай Коммунисттик партиясы комитетинин катчысы Вэй Чжаньфу.

3-августта эртең менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Харбин-Муданьцзян экспресс жолунда көпүрө кулап түшкөн. Окуя Хэйлунцзяндын борбору Харбин шаарынан 253 чакырым алыстыкта ​​болгон.

Жолдун дагы бир бөлүгү суу алдында калган. Жергиликтүү транспорт башкармалыгы Харбин-Муданьцзян автожолун толугу менен жаап, куткаруу операциясын уюштурган.

Бейшемби күнү саат 09:00дө Муданьцзян шаары суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу деңгээлин төрттөн үчүнчү деңгээлге көтөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости