www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чемпион" каймана аты бар Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда УКМК тарабынан коррупциялык схемага шектелип камалып, натыйжада кызматын тапшырып берип, эл көзүнө "25 миллион сом кусту” деген негизде эркиндикке чыкканы белгилүү. Чындыгында бир сом төкпөгөнүн өзү айтып жүрөт. 

Мына ушул Самаевдин ордуна Бишкек Эркин экономикалык аймагын, "Учкун" мамлекеттик ишканасын башкарган бажычы Орозбек Нусувалиевдин уулу Марат Нусувалиев дайындалган. Бул кадр Экономика министри Данияр Амангелдиев аркылуу келгени айтылган. Амангелдиев болсо Самаевге чейин Токмок шаарынын мэри болгон. Жанагы Самаев айыпталган коррупциялык схема дал ушул Амангелдиевдин учурундага иш экени айтылган. Бирок, бул министр шектүү иштен сүттөн таза болуп, кылы кыйшайбай иштеп жатканы түшүнүксүз. Бирок акыйкаттык болсо, кыңыр иш акыры калкып чыкса керек. 

Дегенибиз, Урмат Самаев өзүнүн ак жеринен караланып иштен алынышынын артында дал ушул министр Данияр Амангелдиевдин кулагы чыгып турат деген негизде, анын адамы Марат Нусувалиевдин мэр болуп отурганына ичи чыкпай, иштен кетирүү үчүн Токмок шаарынын кеңеши аркылуу интрига жүргүзүп жатканы айтылууда. Таразы ташы кимге оойт, азырынча айтуу кыйын. Беттегенин алып түшчү "Чемпион" бул жолу максатына жетеби, же дагы жеңилүү ызасын тартабы жакында айкын болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости