www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен өлкөнүн ички туруктуулугун чыңдоо маселесин талкуулады. Жолугушуу бүгүн, 4-августта өттү.

«Бүгүн биз азыркы шарттарда ички туруктуулукту чыңдоо боюнча айрым маселелерди талкуулайбыз», - деди мамлекет башчы.

Жыйындын жүрүшүндө Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников, Тышкы чалгындоо кызматынын (СВР) башчысы Сергей Нарышкин жана ички иштер министри Владимир Колокольцев баяндама жасашты.

Мындан тышкары жыйынга премьер-министр Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев, президенттик аппараттын жетекчиси Антон Вайно катышты.

Жыйынга ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жана президенттин айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана транспорт боюнча атайын өкүлү Сергей Иванов катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости