www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-июнда Кытай коомдогу аялуу топторго жардам берүү үчүн Зимбабвеге азык-түлүк жеткирди. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.

1000 тонна күрүч жана 1000 тонна буудайды камтыган гуманитардык жардам Кытай өкмөтүнүн шашылыш түрдө азык-түлүк жардам программасынын алкагында берилди. Ал кары-картаңдар, майыптар жана коомдун башка аялуу катмары жашаган балдар үйлөрүнө жана мекемелерине жардам көрсөтүүгө багытталган.

Өлкөнүн борбор шаары Харареде өткөрүлгөн тапшыруу аземине жарандык кызмат, эмгек жана бакубатчылык министри Поль Мавима менен Кытайдын элчиси Чжоу Дин катышты.

Иш-чарада Пол Мавима Кытайга жардам үчүн ыраазычылык билдирип, азык-түлүк жардамынын эки өлкөнүн бир туугандык карым-катнашын көрсөткөнүн айтты. Зимбабве тарапы Кытай менен айыл чарба жана социалдык камсыздоо жагында алмашууну жана кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр.

Орус-украин кризиси, АКШнын Федералдык резервдик системасынын жогорулатылган пайыздык чендери жана Зимбабведеги кургакчылыктын айынан африкалык өлкө инфляциянын кескин өсүшүнө туш болууда. Жергиликтүү калктын аярлуу катмары азык-түлүк коопсуздугуна дуушар болууда.

Бул кайрымдуулук Зимбабвеге жардам берүү үчүн Кытай тарабынан ишке ашырылып жаткан медициналык, билим берүү жана социалдык колдоону камтыган бир катар программалардын бир бөлүгү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости