www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда бензин менен дизель арзандады

Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү жана реформалоо комитети өлкө ичинде бензин жана дизель майына болгон баа төмөндөгөнүн билдирди. Тийиштүү билдирүү КЭР Мамлекеттик өнүктүрүү жана реформалоо комитетинин сайтында жарыяланды.

6-сентябрдан тартып 1 тонна бензин жана дизель отунунун баасы 100 юанга (болжол менен 14 доллар) төмөндөйт. Баа өзгөртүлгөндөн кийин бензиндин бир тоннасы 9 290дан 9 730 юанга чейин (1 308ден 1 370 долларга чейин), ал эми дизель отуну 8 375тен 8 715 юанга чейин (1 179дан 1 227 долларга чейин) турат.

Кытайда колдонулуп жаткан мамлекеттик баа жөнгө салуу саясатына ылайык, эгер дүйнөлүк мунай базарындагы баалардын өзгөрүшү ички рыноктогу мунай продуктуларынын бир тоннасынын наркынын 50 юандан ашык өсүшүнө же түшүшүнө алып келсе жана мындай абал 10 иш күн бою сакталып турса, бензин менен дизелдин баалары корректировкаланат.

Бензин жана дизель отундарынын баасы Кытайдын ар кайсы аймактарында ар башка болуп турат, бул жергиликтүү бийлик тарабынан берилген субсидиялар менен байланыштуу. Эң жогорку баалар адатта Чэнду шаарында, эң төмөнкүлөр — Шинжаң-Уйгур автоном районунда белгиленет. Бул — быйыл Кытайда күйүүчү май түрлөрүнүн баасынын жетинчи жолу төмөндөшү.

Последние новости