www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда бир күндө 37 млн. киши COVID-19га кабылды

Китайда 20-декабрга карата коронавирус инфекциясы 37 млн. кишиден кабылды. Бул туралуу Bloomberg басылмасы өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып жазды.

Декабрдын башынан бери Кытайда коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алган. Бул калктын 18 пайызын түзөт. Жыйындын протоколунда канча киши каза болгону айтылган эмес.

Bloomberg инфекциянын тез жайылышын Кытай бийлигинин COVID-19га карата саясатынын алкагындагы чектөөлөрдү жеңилдеткенине байланыштырууда.

Бул калктын иммунитети төмөн катмарында вирустун омикрон штаммынын жайылышына алып келген. Айрыкча борбор калаа Бээжиндин жана Сычуань провинциясынын жашоочуларынын жарымынан көбүнө жуккан.

Bloomberg басылмасынын маалыматынан кийин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин өлкөдө коронавирус инфекциясы боюнча абал көзөмөлдө экенин билдирди.

Кытай бийлиги ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп-тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости