www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Акун" пансионатынын 17,65 гектар жери мамлекеттин балансына кайтарылганын УКМК билдирди.

Кеп 371 миллион сомдук (4,3 миллион доллар) тилке жөнүндө болуп жатат. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту жерди жеке менчикке мыйзамсыз берген.

Пансионат мамлекетке өтөбү-жокпу деген суроого УКМК азырынча жооп бере албасын, бардыгын сот чечерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Акун" пансионаты Кара-Ой айылында жайгашкан. Парламенттин экс-спикери, ишкер маркум Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости