www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын чыгышындагы суу ташкынынан жарым миллионго жакын адам жабыркап, Цзянси провинциясынын 14 миң тургуну үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу МИР 24 кабарлады.

Аймакта бир нече күндөн бери нөшөрлөгөн жамгыр токтобой жаагандыктан айыл-кыштактар, гектарлаган айдоо аянттары суу астында калган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жабыркаган аймактарга аскер кызматкерлери жана милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. Пекин-Ковлон темир жол көпүрөсүнүн астындагы дамбаны тез арада оңдоого миңден ашык адам тартылган. Учурда поезддер үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости