www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кыргызстандыктарды куттуктады

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата куттуктады. Анда:

«Президенттик кызматка киришкенден кийин сиз бир катар маанилүү реформалык чараларды көрүп, социалдык туруктуулукту натыйжалуу камсыздап, элдин жыргалчылыгын иш жүзүндө жогорулатып, Кыргызстан элинин ишенимине жана колдоосуна ээ болдуңуз.

Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан мамлекеттик курулуштун жолунда тынымсыз жаңы ийгиликтерге жетишет деп ишенем. Үстүбүздөгү жылдын февралында биз Пекинде жемиштүү жолугушуу өткөрүп, кеңири макулдашууларга жетиштик жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук кызматташтыктын улуу келечегин биргелешип белгиледик.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурам жана эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын негизинде сиздер менен эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярмын. Дос Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүү жана күч-кубат, ал эми анын элине бакыт жана бакубатчылык каалайм», - деп айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости