www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы эл өкүлү, белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова кыргызстандыктарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады. 

Урматтуу мекендештер! Бүгүн майрамдардын майрамы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү! Албетте, биз мындай Эгемендүүлүккө чоң кан төгүүлөр менен келген жокпуз, бирок биздин ата-бабаларыбыз эркиндик менен Эгемендүүлүккө жетүү кандай гана оор күндөрдү көргөн.

Курманжан Датка энебиз айткандай "ак падышанын аскерлери кандай келсе, ошондой тынчтык жолу менен кетишти. Кыргыз эли эртеби-кечпи Эгемендүүлүккө жетишет. Бирок кыргыз эли Эгемендүүлүктүн баркын, ата-бабаларыбыздын азап-тозок менен алып келгенин ээли баалашат бекен? Кыргыз эли Мекенди көз карегиндей сактап, Эгемендүүлүктү муундан-муунга өткөрүп бере алат бекен? - деген суроону таштап кеткен.

Жылдызкан Жолдошова ушул тапта Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада жүргөндүн блогер билдирди. 

Андыктан Урматтуу Мекендештер! Эгемендүүлүктү муундан-муунга өткөрүп берели. Желегибиз түбөлүккө желбиреп, Эгемендүүлүк кыргыз элин кылымдарга алдыга жылдырсын. Дагы бир жолу Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен! - деди экс-депутат. 

Эске сала кетсек, Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жана Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чараны КР президенти Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда каттоодон өткөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости