www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путиндин Горбачев тууралуу акыркы сөзү

Орусиянын президенти Владимир Путин белгилүү саясатчы Михаил Горбачёвдун көзү өткөнүнө байланыштуу көңүл айтып, ал дүйнөлүк тарыхтын жүрүшүнө зор таасирин тийгизгенин белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин маалымат кызматына таянып жазды.

Кечээ, 30-августта, узакка созулган илдеттен улам СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 91 жаш курагында көз жумган.

"Михаил Сергеевич Горбачёвдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуубузду кабыл алыңыздар. Михаил Горбачёв дүйнөлүк тарыхтын жүрүшүнө эбегейсиз таасирин тийгизген саясий жана мамлекеттик ишмер болгон. Ал биздин өлкөнү катаал мезгилде, ири өзгөрүүлөр жана чакырыктар болуп жатканда башкарган", — деген Путин.

РФ лидери Горбачёв убагында реформалардын зарылдыгын түшүнүп, бышып калган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштоого умтулганын белгиледи.

Путин мурдагы жетекчи Горбачёв акыркы жылдары кайрымдуулук жана агартуучулук иш-аракеттерин жүргүзгөнүн кошумчалаган.

Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, ал эми 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтун бүтүргөн. Университетти аяктаган соң Ставрополь аймактык прокуратурасына бөлүштүрүлүп, андан кийин партиялык иштер менен алек болгон.

1985-жылы ССКП БКнын кезексиз жыйынында Горбачёв генералдык катчы болуп шайланат, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тарта СССРдин Жогорку Советинин Президиум төрагасы кызматын кошо аркалап, өлкөнүн да, партиянын да башкы жетекчилигин колуна алган. Ошол мезгилде Горбачёв реформалардын программасын жарыялап, кийин ал кайра куруу деген аталышка ээ болот.

1990-жылы СССРдин эл депутаттарынын кезексиз III жыйынында Горбачёв Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти болуп шайланып, андан соң СССРдин курамындагы 15 республика өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости