www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байдендин администрациясы Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттер ассоциациясына (АСЕАН) кирген өлкөлөрү аркылуу Кытайга кысымын күчөтүүгө аракет кылат, деп жазат Лента.ру мааалымат агенттиги.

Басылманын айтымында, бул АКШнын май айында өтө турган саммитте негизги милдети болмокчу. Мындан тышкары Вашингтондун делегациясы Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү талап кылууну жана мамлекеттерди Украинадагы атайын операцияны айыптоого көндүрүүнү пландоодо.

"Байден АСЕАН лидерлерине Украинага басып кирүүнү айыптоо үчүн кысым көрсөтүүгө аракет кылат. Бирок АКШ үчүн Кытай негизги маселе бойдон калууда", - дейт автор. Басылманын айтымында, АСЕАНга мүчө мамлекеттер АКШнын Кытайга каршы союздашы болууга кызыкдар эмес.

"АСЕАН учурда Вашингтонго караганда Бээжинге экономикалык жактан алда канча көз каранды", - дейт басылма. Ошол эле учурда Азия өлкөлөрү АКШнын аймактагы аскерий иштерге катышуусун каалашат, дейт эксперттер. Буга чейин саммит 12-13-майда өтөөрү белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости