www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев деген президент болгон ал мамлекет үчүн хансарай курбай жеке өзүнө Кой-Ташта заңгыраган хансарай курган. Анын курулушуна атактуу бизнесмен Шаки баш болгон капчыктуулар жардам берип бүтүрүшкөнү менен ал хансарайда Атамбаев жашап калдыбы ким билет. Ал эми азыркы президент да хансарай курууга белсенип калды, бирок өзүнө эмес, мамлекетке, бул курулушка Шаки болбосо да, Шакиге окшогон капчыктуулар жардам берип мамлекеттик бюджетке караганда алар көбүрөөк салым салышат. Экинчиден, президент, минкаб шаарга кирип элди “пробка” кылып кыйнашпай Чоң-Арыктагы резиденциясына жакын Түштүк магистралы жакта шаарга кирбей турган аймакка салынат. “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса”. Бийлик Усубалиевке окшоп жаңы Ак үй кургусу келип турат. Бишкектин түштүк жагында президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушу башталары белгилүү болуп, Садыр Жапаров анын капсуласын салган. Анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Бишкектеги президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу «чепуха» деген оюн айтты. Борбор калаада жаңы административдик имараттын курулушуна байланыштуу талкуулар көпчүлүк учурларда ага чыгымдала турган каражатты мектеп, оорукана же башка социалдык объектилерди курууга жумшаса болмок дегенге келип такалууда. Мында айрым адамдардын бул теманы "оюн" кылып, коомчулуктун көңүлүн башка жакка бургусу келгени түшүнүктүү. Эрбол Султанбаевдин айткандарын булар:
акыркы бир жарым жылда өлкөдө 202 мектеп жана алардын спорт залдарынын курулушу жүрүп, 68 мектеп бүткөрүлдү;
акыркы бир жарым жылдын ичинде республика боюнча 159 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады;
саламаттык сактоо тармагына 2021-жылы 20,9 миллиард сом каралса, 2022-жылы 23,5 миллиард сом бөлүнгөн;
билим берүү тармагына 2021-жылы 40,2 миллиард сом каралса, 2022-жылы 42,1 миллиард сом бөлүнгөн;
социалдык коргоо тармагын камсыздоого 2021-жылы 35,8 миллиард сом бөлүнсө, 2022-жылы 42,2 миллиард сом каралган.
Султанбаев мектептер, ооруканалар, социалдык объектилер курулуп келген жана курула бермекчи деп билдирди. Анын айтымында, социалдык чөйрө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берет. "Мамлекеттик машина ата мекендик экономиканы көтөрүүнү улантып жатканда өлкөдө мындай объектилер мындан да көп курулат", — деди ал.
Ак үйдүн курулуш тарыхы тууралуу сөз кылсак, ал кездеги саясат белгилүү. Республикалык орчундуу маселелер КПСС Борбордук Комитетинде, СССРдин Өкмөтүндө, Союздук органдар тарабынан чечилчү. Алардын макулдугусуз өз алдынча чоң курулуштарды курууга катуу тыюу салынган. 1970-жылдардын аягында Кыргызстандын Борбордук аянтын куруу маселеси каралган. Борбордук аянтты куруу планын ишке ашырууга кыргыз элине эркиндик, мамлекеттүүлүк алып берген Владимир Ильич Лениндин ысымын пайдалануу керек эле. Ал кезде Лениндин ысымын пайдаланып, биринчи кезекте КПСС БКнын башкы секретары Л.И.Брежневдин макулдугун алуу керек эле. Адегенде Борбордук аянттын планын дыкааттык менен иштеп, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинде бекитилген. СССРдин жогорку бийлигинин көңүлүн буруу үчүн Борбордун көрүнүктүү жерине В.И.Лениндин эстелигин орнотуп, анын арт жагына Лениндин Москва шаарындагы Борбордук музейинин филиалын куруу пландалынган.
Максатты ишке ашыруу оңойго турбаган бул маселени чечиш үчүн, Кыргыз компартиясынын жетекчиси КПСС БКнын кезектеги Пленумдарынын биринен кийин Л.И.Брежневдин кабыл алуусунда болгонун, бул жолугушууда сөздү борбордук аянт куруудан эмес, Фрунзеде Москвадагы В.И.Лениндин Борбордук музейин курууга уруксат суроодон баштаганын, бул музей эл достугун чыңдоого, элди интернационалдык рухта тарбиялоодо чоң роль ойноорун айтып, айнып кетпесин деп, музей толук бойдон республикалык бюджеттин эсебинен курулат деп ишендириптир. Ошол жолугушууда Л.И.Брежнев Турдакун Усубалиевдин сөзүнө ынанып, сунуш жакканын, бул сунушту талкуудан өткөрүү ишин КПСС БКнын секретары К.У.Черненкого тапшыраарын айткан экен. К.Черненко менен КПСС БКнын аппаратында коңшу кабинеттерде он жылдай чогуу иштеп, өтө ысык мамиледе экен. Л.И. Брежневден чыгып түз эле К.У.Черненкого кирип иштин жайын түшүндүрсө, ал бул ишти оң жагына чечилишине жардам берем дептир. Көп узабай эле 1981-жылдын май айында К.Черненконун колу менен Фрунзе шаарында Ак үй менен кошо Борбордук аянтын жана В.И.Лениндин Москвадагы музейинин филиалын куруу жөнүндө КПСС БКнын Секретариатынын токтому чыгыптыр.
Демилгени колдогону үчүн Л.И.Брежневге ыраазычылык кат жөнөтүп, анда музейдин сметалык баасы 5 млн рубль тураарын белгилеп, СССРдин Мамлекеттик пландоо комитетинин 1982-жылдагы курулуш боюнча планына киргизүүнү өтүнөт. Ошол эле катта Фрунзе шаарында В.И.Ленин атындагы китепкана курулганы жатканы, анын баасы 2,9 млн рублди түзөөрү жазылып, планга киргизип берүүнү сураныптыр. Бир катар талкуулардан кийин Кыргыз ССРинин жетекчилигинин сунуштары жактырылып, Фрунзеде Ак үй менен кошо Борбордук аянтын курууга, В.И.Ленинге эстелик орнотууга, В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалын жана Ленин атындагы борбордук китепкананы курууга уруксат берилип, планга кирип, бул ишти Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы белгилене турган 1984-жылга карата бүтүрүү жөнүндө СССР Министрлер Советинин чечими чыгат.
Ушундан кийин Ак үй менен кошо Борбордук аянтын, В.И.Лениндин музейинин филиалын, анын шарапаты менен Кыргызстандын борбордук аянтын куруу иши чоң шыктануу менен башталат. Бул имараттардын курулушун Т. Усубалиев өтө тыкыр көзөмөлдөгөн. Ал ошол жылдары иш убактысынын көбүн кабинетинде эмес, курулуш жүрүп жаткан жерлерде өткөргөн. Курулушчулар аны өздөрүнчө “прораб” деп атап алышкан экен. Бул масштабдуу иш аяктап калганда Москвадан курулуш иштерин токтотуу жөнүндө кабар келет. Буга СССР Министрлер Советине Кыргызстандан барган тоголок кат себеп болуптур. Бул катта Кыргызстан үчүн “күйгөн” бирөө: “Фрунзе шаарында турак жай жетишпей жатса, Т.Усубалиев шаардын борбордук бөлүгүндө жаңы эксплуатацияга берилген төрт кабаттуу үйлөрдү буздуруп, Ак үй менен кошо Борбордук аянтын, В.И.Лениндин музейин курам деген шылтоо менен чоң аянт салдырып жатат. Эмгекчилерге курула турган турак жайдын акчалары аянт курууга чыгымдалууда. Турдакун Усубалиевдин бул кылмыштуу ишин токтотуп, жоопко тартуу керек”, - деп жазыптыр. Тоголок каттын кесепетинен кызуу жүрүп жаткан иш кадимкидей солгундаган. Турдакун Усубалиев ошол кездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Арстанбек Дүйшеев экөө СССР Министрлер Советинин төрагасы Н.А.Тихоновго, андан кийин КПСС БКга кат жазышат. Анда КПСС БКнын 1981-жылдагы токтому боюнча Ак үй менен кошо Борбордук аянты, В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалы Фрунзе шаарында курула баштап, азыркы учурда имарат толук тургузулуп, чатыры жабылганы, эми негизинен жасап-түзөө иштери гана калганы, бул иш үчүн Кыргызстандан чыккан гранит, мрамор таштары пайдаланылаары, аларды иштетүү үчүн таш заводу бар экендиги, филиалды курууга республикалык бюджет сарпталып жатканы, турак жай курулушу план боюнча жүрүп, үзгүлтүккө учурабаганы, республиканын эмгекчилери музейдин курулушун чоң ынтызарлык менен колдоп, ишембиликтерди уюштуруп, акча каражаттарын которуп жатканы, бул курулуштун тарбиялык мааниси өтө чоң экендиги баса белгиленген. Аракет үзүрүн берип, СССР Министрлер Совети филиалды курууну токтотпой, улантуу жөнүндө атайын чечим кабыл алган. Ошентип, 1981-жылдын октябрь айында башталган курулуш 1984-жылы октябрда Кыргыз ССРинин жана Кыргызстандын Компартиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата бүткөрүлүп, чоң окуя катары салтанаттуу ачылган.
Эгемендүүлүктүн өткөн жылдарында мындай аянтты кура алат белек? Бул да чоң маселе. Ошол кезде курулган кубаттуу ГЭСтерди, 150дөн ашуун завод-фабрикаларды, жол курулушундагы, социалдык, маданий турмуштагы жетишкендиктерди айтпаганда да “Ала-Тоо” аянтын курулганы туура болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg