www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талгарбеков менен Исаков бийликтин баш оорусун жаратабы?

Экс-министр Бекболот Талгарбеков менен генерал Исмаил Исаков орточул оппозициялык кыймыл түзүүгө киришкени, азырынча конструктивдүү маанайды карманышары, бирок бара-бара күчөп кетишери болжонууда.

«Кызый-кызый кыз койнуна кирет» дегендей, саясат деген тизгин тартууга ээ бербеген азарт эмеспи. Азырынча аксакалдар түзүп жаткан топко бир топ лөктөр кызыгып жатышканы, кошулууга ниеттерин билдиришкени, келечекке карай бийликке каршылык көрсөтүү үчүн аттанышары, сыягы, күзгө карата «кылчайнашууга» даяр турушары ыраспы?

Эске салсак, Исмаил Исаков кандуу Бакиевдин режимине каршы чыгып, оппозицияны чыңдап, камалып, чоң сыноодон өткөн. Бекболот Талгарбеков да бул жагынан кем калышпайт, чак түштө «Элдик парламентти» түзүп, Атамбаевдин бийлигин солкулдатып, натыйжада, жазыксыз жерден абакка кесилген.

Болгондо да террористтер менен өзгөчө кароодогу жабык жайда үч жылга жакын отуруп чыккан... Кыскасы, бийликтин баш оорусун жаратышат окшойт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости