www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Баку шаарында азербайжандык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууда аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо кендерин иштетүү, камсыздандыруу тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери катышкан.

Президент Азербайжандын ишкерлерине энергетика, тамак-аш өнөр жайы, инфраструктура, туризм жана жаңы технологиялар өңдүү багыттарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады. Ошондой эле гидроэнергетика тармагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана башка бир катар стратегиялык маанилүү чакан жана орто ГЭСтердин курулушуна катышууга чакырды. Туризм жаатында Кыргызстанда эс алуу жайларын курууну да сунуштады.

Садыр Жапаров азык-түлүк продукциясын кайра иштеп чыгуу чөйрөсү келечектүү жана кызыктуу багыт экенин белгиледи.

"Өз өлкөсүнүн динамикалуу, стабилдүү жана туруктуу өнүгүүсүн жактаган мамлекет башчы катары азербайжандык бизнес-коомчулукту Кыргызстанды ишенимдүү бизнес-өнөктөш катары кароого жана аларды жигердүү кызматташууга, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырам", — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости