www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Немис экономисти евронун кулашын алдын ала айтты

Немис экономисти Майер Европаны инфляциянын узакка созулушу жана евронун кулашы тууралуу эскертти.

Евро барган сайын туруксуз валютага айланып баратат, дейт Deutsche Bankтын мурдагы башкы экономисти Томас Майер, деп жазат Лента.ру.

Эксперттин айтымында, Евробиримдик еврону "өлтүрүшү" мүмкүн болгон узак мөөнөттүү инфляцияны күтүп жатат. Ал белгилегендей, Европанын Борбордук банкы банкнотторду басып чыгарууну улантып жатат, бирок кырдаалды өзгөртүүгө кудурети жетпейт жана каалабайт.

Майер кошумчалагандай, инфляциянын экономикалык гана эмес, саясий жана социалдык кесепеттери да болот. Муну 1920-жылдардын башында Германияда болгон гиперинфляциянын мисалынан көрүүгө болот, дейт немис экономисти.

"Ал улуттук социалисттердин бийликке келишине салым кошкон", - деп баса белгиледи эксперт. Майердин айтымында, адамдар расмий акчанын ордун издей башташат. Евро кулап баратканын эскертти.
Буга чейин, дүйшөмбү күнү, 18-апрелдеги соодада евро 83 рублдан да арзандаган. Борбордук банктын башчысы Эльвира Набиуллина азыр орус экономикасы үчүн структуралык өзгөрүүлөрдүн татаал мезгили башталып жатканын билдирди.

Булак. NazarNews.kg

Последние новости