www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанузакова Кыял Байышевна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жанузакова Кыял Байышевна, 1978-жылы Талас шаарында туулган. 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинин социалдык кызматтын адиси, психолог-тажрыйбачы адистигин, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын «Менеджмент» багытында магистратурасын жана 2019-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Соттук бийлик, прокурордук көзөмөл, адвокатура жана нотариат” боюнча магистратурасын бүтүргөн.

Эмгек жолун 2001-жылы Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин тышкы байланыш жана маалымат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси катары баштаган.

— 2003-2008-жылдары Миграция жана иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетинин иш менен камсыз кылуу саясаты жана эмгек рыногу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, ал эми 2008-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы, 2010-жылдын октябрь айынан баштап Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын бөлүмүнүн улук консультанты болуп иштеген.

— 2011-жылдан баштап 2020-жылдын февраль айына чейин Президенттин Аппаратында эксперт катары:

— 2011-2015-жж. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүндө;

2015-2018-жж. Социалдык саясат бөлүмүндө маданият, социалдык коргоо жана камсыздоо, эмгек жана миграция, жаштар жана спорт саясаты тармактары боюнча;

— 2018-жылдын февраль-апрель айларында Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүндө социалдык камсыздоо жана төлөмдөр боюнча;

— 2018-жылдын апрель айынан 2020-жылдын январь айына чейин Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүндө билим жана илим, социалдык коргоо жана камсыздоо, балдар жана гендер саясаты, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо, согуштун ардагерлери, Аксы жана 2010-жылдын апрель окуяларында жабыркаган жарандардын укуктарын камсыздоо боюнча;

— 2020-жылдын январь айынан баштап Социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүндө Аксы жана апрель окуяларында, Дача СУ айылында авиакырсыкта жабыркаган жарандардын маселелери жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин маселелери боюнча иш алып барган.

2020-жылдын февраль айынан баштап президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары катары эмгектенген.

2023-жылдын 15-майынан президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти кызматын аткарып келет.

Последние новости