www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда бир катар курал-жарактар жана ЖК депутатына таандык аскердик билет табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөдө массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну пландаган деструктивдүү топтун бир катар мүчөлөрүнүн жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда:

- 50 даана мылтык; 

- 20 даана тапанча; 

- 255 миң 238 даана ок-дарылар; 

- 200 даана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 даана баш кийимдер; 

- 38 даана ок өтпөс кийимдер; 

- 2 даана дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынды.

Мындан тышкары тинтүү учурунда бир катар жарандардын өздүк документтери табылып, алардын ичинде КР ЖК депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет да табылды. 

 Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости