www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-июлда бийликти басып алууга шек саналып кармалгандардын үйүн тинтүү учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык Аскер билети табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Көп өтпөй депутат Марлен Маматалиев Фейсбуктагы баракчасына аскер билетин, паспортун, дипломун 2010-жылкы Апрель окуяларынын тушунда жоготуп алганын билдирди.

Депутаттын баракчасындагы жазганына караганда, кийинчерээк кайра калыбына келтирген документтери 2020-жылкы Октябрь окуясы учурундагы башаламандык учурунда Жогорку Кеңештеги сейфинен кайрадан жоголгон.

«Бул кылмышкерлерге эч кандай тиешем жок. Балким алар ошол мезгилдеги парламентте сейф бузгандар болушу мүмкүн. Алар бул үчүн да жооп бериши керек», — деп жазды Маматалиев.

УКМК 5-июлда маалымат таратып, Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирген

Последние новости