www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү инсан, тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн социалдык баракчасына табышмактуу каза тапкан чыгаан инсандар тууралуу пикир калтырды.
— Султан Ибраимов ошол каргашалуу күнү Чолпон-Атага баргысы келген эмес, эртеси эрте менен барайын деген Ысык-Көлгө эс алууга. Бирок 1-Катчы бүгүн кетиңиз деп туруп алганы үчүн айласыздан кеткен. Ошол түнү каргашалуу окуядан улам Султан Ибраимов каза болгон.
Төрөкул Балтагулов деген дагы бир улуттун мыктысы, Исхак Раззаковдун эң жакын адамы болгон. Анын талапкерлиги Москва тарабынан 1-Катчылыкка каралып жатканы сөз боло баштаган. Төрөгелди Балтагулов да ошол каргашалуу күнү Кочкорго иш сапарына баргысы келген эмес. Бирок ошол кездеги 1-Катчы “сөссүз барышың керек” деп туруп алган соң айласыздан барган. Ошол каргашалуу күнү ага уу берилип, ошонун залалынан өлгөн.
Насирдин Исанов да бираз сыркоолоп, канадалык аферист Бирштейн менен Жалал-Абад тарапка баргысы келген эмес, бирок ошол кездеги Президент улам телефон чалып, “сөссүз барышың керек” дегенинен улам айласыз жолго чыккан. Эртеси каргашалуу жол кырсыгынан улам ал каза болуп, жанындагылар эч жабыркабай, Ала-Арча резиденциясына келип жашырынган, - деп эскерген Кыяс Молдокасымов.