www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында кызамык (корь) оорусунун 4 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

"Кызамык аныкталган жарандардын бири Түркиядан келген. Учурда дүйнө жүзүндө кызылча оорусу козголуп жатат", - дейт министрлик.

Буга чейин социалдык тармактарда дарыгерлер Бишкек шаарында кызамык оорусу козголгонун, балдарды бул ооруга каршы эмдетүү зарыл экенин жазышкан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте кызамык оорусу күч албаганын, бул болуп туруучу көрүнүш экенин белгиледи.

"Республикада кызамык оорусу боюнча абал туруктуу. 4 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 2022-жылы кызамык оорусу 1 адамдан, 2021-жылы 3 адамдан аныкталган", - дейт министрлик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости