www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баңгизат колдонууга шыкактоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин тургуну «102» кызматына кайрылган. Анын айтымында, Матыев көчөсүндөгү үйдө жашаган кыздар таанышы берген мефедронду колдонушкан. Кайрылган адамдын айтымында, бул үйдө анын жээни да болгон. Ушундан улам ал милициянын кайгуул тобун аталган дарекке баруусун суранган.
Текшерүүдө үйдө түрдүү баңгизат колдонулганы аныкталган жана бул медициналык күбөлөндүрүү менен ырасталган. Ошондой эле, баңгизат колдонууга азгыруу фактысы аныкталган.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга азгыруу, ошондой эле аларды колдонууга коомдук чакырыктар, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды жарнамалоо) боюнча катталган.