www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-июлда селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон 39 жаштагы аялды издөөгө 143 куткаруучу тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, алар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын борбордук базарынан тартып Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзө баштады.

Эске салсак, сел агызып кеткен жалпы 5 адам изделип, анын төртөөсүнүн сөөгү табылган.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн - 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Учурда төртөөнүн сөөгү табылган. Мындан тышкары, Кара-Суу районунун аймагында 7,5 миң абоненттин жарыгы үзгүлтүккө учуруган.

Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимде уланууда.

Последние новости