www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трампка каршы козголгон иш токтотулду

Флорида соту жашыруун документтерди мыйзамсыз сактоо боюнча АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка каршы козголгон ишти токтотту. Бул тууралуу "Америка үнү" радиосу билдирди.

Мындай чечимди мурда Трамптын сунушу менен судья болгон Айлин Кэннон чыгарды. Ал атайын прокурор Жек Смит мыйзамсыз дайындалган жана ишти тергөөнү жетектөөгө укугу болгон эмес деген токтом чыгарды.

Смитти АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд дайындаган. Сот жогорку федералдык чиновниктерди дайындоого президент менен Сенат гана укуктуу деп чечти.

Трамп жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаган, кутум уюштурган жана жалган билдирүү жасаган деп айыпталган. Жогорку Сот саясатчы юридикалык иммнитетке ээ деген чечим чыгарды

15-июлда Висконсин штатында Республикачылардын улуттук курултайы башталат. Анда Трамп президенттикке расмий түрдө көрсөтүлүп, ал вице-президенттикке талапкер ким болорун жарыялайт.

Последние новости