www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Күзөт кызматы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнүнө карата спорттук иш-чара өткөрдү.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен 15-май кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнү деп расмий түрдө жарыяланган.
Бүгүнкү күндө, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматынан жарандардын коопсуздугу жана тынч жашоосу көз каранды.
Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы түзүм бөлүмдөрүнүн өздүк курамы мамлекеттик жана менчик ээлеринин мүлкүн, ошондой эле стратегиялык маанидеги мекеме-чарбаларды кайтаруудан тышкары, кылмыштардын бетин ачууга да катышат. Ички иштер органдарында кызмат өтөө – бул аябай татаал, бирок жарандарга жана коомго керектүү, эрктүүлүктү, жоопкерликти, чыдамдуулукту, ошондой эле физикалык даярдыкты талап кылуучу кызмат, анткени кызматкерлердин кызматынын баасы - жарандардын өмүрү болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын ИИОнун тарыхында кызматкерлердин жогорку кесиптүүлүгүн, баатырлыгын көрсөткөн учурлары саналгыз. Милиция кызматкеринин, коомдук коопсуздукту жана жарандардын укугун коргоо кесиби салттуу түрдө эң коопту болуп саналат. Күн сайын кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкери, өзүнүн өмүрүнө коркунуч келтирет, тилекке каршы ошол учурларда кызматкерлер каза болгон учурлар да кездешет.
Бүгүн, 16-майда ИИМдин Күзөт кызматынын спорт комплексинде кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер – милициянын полковниги Самат Сатымкуловдун жана милициянын старшинасы Алтынбек Абдылдаевдин жаркын элесине арналган волейбол жана кыргыз күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү.
Турнирдин ачылышында ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигин орун басары, милициянын полковниги Алмаз Жумабеков сөз сүйлөп,каза болгондордун жакын туугандарына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, маркум кесиптештеринин эрдигин, туруктулуугун жана ар-намысын баса белгиледи.
Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы, ошондой эле каза болгон кызматкерлер Самат Сатымкулов менен Алтынбек Абдылдаевдин жакындары катышты.
Иш-чаранын соңунда бардык командаларга кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Уюштуруучулардын айтымында, бул спорттук мелдеш жыл сайын өткөрүлөт.
ИИМдин Басма сөз кызматы