www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип келет. Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети кыргызстандык медицина кызматкерлери тууралуу 2022-жылга карата түзүлгөн кызыктуу фактылар менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 13 488 дарыгер жана 34 396 медайым калкка медициналык жардам көрсөткөн. Бул республиканын 10 миң калкына 19 дарыгер жана 49 медайым туура келет дегенди билдирет.

2022-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган адистиктер төмөнкүлөр экени аныкталды:

терапевт — 4000 адис;

хирург — 2100 адис;

стоматолог — 1100 адис;

акушер-гинеколог — 1000 адис;

педиатрия профилиндеги дарыгерлер — 900дөн ашык адам.

Булак: NazarNews.kg

  •  

Последние новости