www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана ага караштуу «Сууканал» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

УКМК билдиргендей, 2017-жылы шаардын таза суу түтүктөрүн жаңылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 6 млн евро бөлүнгөн. Бирок жумуштар сапатсыз аткарылып, андан тышкары, аткарылган иштердин баасы жогорулатылганы аныкталды. Азыркы учурда келтирилген зыянды так аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости