www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов тарабынан демилгеленген «Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Исхак Пирматов «Жоруктар жөнүндө» кодекстин 75-76-беренелерин коомдук айыптоо иштердин категориясына киргизүүнү сунуштаган. Бул учурда укук коргоо органдары жабырлануучудан арыз түшкөн-түшпөгөндүгүнө карабай, ар кандай булактардан (кошуналар, тууган-туушкандар ж.б.) алынган билдирүүлөрдүн негизинде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыра алышат.

Андан тышкары мыйзам долбоору менен Жазык кодексин 179/1-беренесине толуктоо киргизүү сунушталат, анда өмүрү үчүн коркунучсуз жана ушул кодекстин 138-беренесинде каралган кесепеттерди алып келбегени менен ден соолугуна кандайдыр бир зыян тийгизгени, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө коркунуч жаратканы үчүн беш жылдан жети жарым жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчилик жана жаза белгиленет.

Бул ортодо 2010-жылдан кийин депутат Исхак Пирматовго «Кыргызнефтегаздан» 10 миллион доллардын айланасындагы каражатты кымырып алганы боюнча кылмыш иши козголгон. Коррупцияга айыпталып, камалып кетээрде көшөгө артынан сүйлөшүүлөр таасир эткен. Бул туурлауу Азия Ньюс гезитинин 25-февралдагы санында жарыяланган.

Андагы маалыматка таянсак, Кыргызстандагы ири нефтебазаларды ээлеп алганы, «Манас» эл аралык аэропортунан тымызын бизнес кылганы, жүздөгөн гектар жерлерге ээ болгону, темир жол вокзалынын жанындагы тарыхый мурас саналган имараттан пайда тапканы ыраспы?

Өлкөдө акыркы учурларда болуп жаткан окуялардан кийин «Коррупция менен күрөшүп жатабыз» сөздүн маңызын эл башкача түшүнүп жаткандай. Же коомчулукта «Батышчыл күчтөр Кыргызстанды жок кылуу аркетине көчтү» деп айтылган сөздүн чындык болгонубу?

Бул жалгыз көрүнүш эмес. Кылмыштарын жең ичинен бүтүргөн аткаминерлер жазасын албай, тайраңдап жүргөнүн калың эл жакшы билет.

Ар кандай жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өлкөгө зыян келтирген, коррупцияга белчесинен баткан аткаминерлер тууралуу материалдар чыгып келет. Президент Садыр Жапаров өзүнүн интервьюсунда «Коррупция менен күрөшүүдө журналистердин жардамына таянабыз» деп айтканы бар. Бул сөзгө катуу ишенген журналистер өз иликтөөлөрүн аздыр-көптүр жарыялап келишет. Ошол эле «Кыргызнефтегаз», Дача-Су, «Кумтөр» алтын кени, чек ара маселеси, ЖЭБ, ал эми Кытайга болгон карызды жада калса башталгыч класстын окуучуларынан бери билишет. Булар боюнча тиешелүү чара көрүлбөй жатканы бийликтегилерге жетпей жатканыбы же сөзсүз эле бийлик элди угушу үчүн өлкөдө төңкөрүлүш боло бериши керекпи? Же алар Матраимовдон башканы көзгө илбей калганбы?

Бул ортодо билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы да коррупциялашканын айтпасада белгилүү. Өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө билим берүү тармагы чоң таасирин тийгизет эмеспи. Ошого крабай балдардын билимин акча менен баалаган өлкө узакка кетпейт го? Мамлекет кыйын кезеңдерди башынан өткөрүп турган кезде карапайым калкка жардам берүүнүн ордуна чет жактан келген гуманитардык жардамды өзүнүн кара башын ойлоп, пандемияга карабай өз ара бөлүшүүгө жетишкен министрлердин жоругун айтууга ооз барбайт. Ток этээрин айта турган болсок, Кыргызстанда иликтене турган иштер көп. Эми бийлик алдыда тыкыр иш алып барып, мурдагы бийлик жасагандай көңүл кош мамилени унутуп өлкө үчүн иштейм дегендери сөз бойдон калбайт деген үмүт, ишенич бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости