www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Таалайбек Өмүралиев Сергей Шойгу менен жолукту

Кечээ, 25-февралда Москва шаарында Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана андан ары өнүгүүсү жөнүндө пикир алмашкан. Ошондой эле, Борбор Азия чөлөмүндө стабилдүүлүктү сактоо жана коргоо жаатындагы маселелеринде бирге аракеттенишүүсү талкууланган.

"Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары учкучсуз учуучу аппараттарын пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана 5 жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшту", - деп жазылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости