www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттыкты” мамлекеттен чыгарып, батышчылдарга каттуу чара колдонуш керек! Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 25-февралда билдирди.

--“Кыргызда жакшы сөз бар “жаман үйдү коногу бийлейт” деген. Батышчыл коммерциялык эмес уюмдар Кыргызстандын өнүгүшүнө аябай тоскоолдук жаратып жатат. Себеби, биздин канча президенттерибиз менен элдин ортосуна от салып, бийликти элге жамандап, өздөрүнүн максатын көздөшкөн. Карап көрсөк, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун учурунда бийлик менен элдин ортосуна түшүнбөстүктөрдү жаратып, тоскоол болушуптур. Батышчыл уюмдар Кыргызстандагы кыйын юристтерди, экономисттерди жана журналисттерди алып алышкан экен. Мисалы, “Азаттык” ошолордун арыгын эле чабат. Баарыбызга айдан ачык белгилүү батышчылдардын башында Роза Отунбаева турат. Карасаңыздар митингге чыккан адамдар башкача адамдар. Арасында намыскөй кыргыз жигитин же кыргыз кызын көрбөйсүң, бир башкача адамдар. Булар гейлер. Атабыздай болгон адамдарды аялдардай кылып киийнтип, жасалгалап көчөгө чыгарып, шылдың кылып бүтүштү.

Мен айтаар элем качан батышчыл уюмдардан, “Азаттыктан” арылганда мамлекет алдыга жылат. Себеби, Сооронбай Жээнбековдун учурунда  алар митингге чыкканда биз мыйзам кабыл алууну туура көрдүк. Ошондо билдим ар бир бийликтин 7- этажында бул уюмдарынын өкүлдөрү отурат экен. Президентке туура эмес маалымат жеткирип, аларды коргоп, колдоп турушат экен. Бул абдан өкүнүчтүү. Башка өлкөлөрдө атайын мыйзам бар. Мисалы, алар батыштан келген акчасын каяка, эмнеге жумшаганы тууралуу маалымат берип турушат. Ал эми Кыргызстанда андай жок. Каалагандай калчап, эки күндүн биринде көчөгө чыгып алып, элдин башын айландырышат. Социалдык тармактар аркылуу ар кандай нерсени жазышат. Ушул гейлерди колдогондор кадимки эле кыргыз балдары экен. Али Токтакунов биринчи эле көрсөтүүсүндө гейлердин укугун коргогон репортажы чыгыптыр. Азыр дагы Садыр Жапаров президент болуп келди. Бир ай болбой жатып аны сындап, туура эмес пикирлерди жазып башташты. Мунун аягы жаман менен бүтөт. Ушулардын айынан Сооронбой Жээнбеков 3 жыл эле отурду. Азыркыдай көрүнүш менен кетсек Садыр Жапаровду дагы 3 жылга жеткирбей кетирип тынышат. Мамалекетте туруктуулук болбосо эч качан өлкө алдыга жылып, өнүкпөйт. Качанкыга чейин кыргыз эли карап отурабыз. Бийлик болбосо дагы эле кыжырланса чечкиндүү кадамдарга барат. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашагандыктан азыртадан батышчылдарга чара көрбөсөк, булардын максаты азыркы бийликти дагы жарга түртүү болуп жатат”, - дейт депутат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости