www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Улуу империясы Азиядагы чалкып жаткан мухит сыяктуу экени тууралуу СССР тарыхы окутчу эмес. Азыркы учурда дүйнөлүк окумуштуулар тарыхты иликтеп жатып, буга өзгөчө зор маани берип жатат. Кытай илимпоздору «летопистерин» барактап отурушуп, биздин заманга чейин миң жыл мурун кыргыздар тууралуу жазылгандарды таап чыкты. Ушул үч миң жылдык тарыхыбызда 150 жыл мурун Орусиянын карамагына өткөнүбүз да тарыхий окуя, 1863-жылдан 1917-жылдын февралына чейин Орус империясынын карамагында болсок, 1917-жылдын февралынан октябрга чейин Убактылуу Өкмөттүн, 1917-жылдын октябрынан 1991-жылдын августуна чейин Совет мамлекетинин курамында келдик.

Аскар Акаев – СССРдин убагында, тагыраак айтканда 1990-жылдын 27-октябрында Кыргыз ССРине президент болуп парламент аркылуу шайланган. Ал эми 1991-жылдын 12-сентябрында бүткүл элдик шайлоодо альтернативасы жок Кыргыз Республикасына президент болуп шайланат. Көпчүлүк иштөө мөөнөтү Борис Ельциндин убагына туура келет. Бокең грандуу стакан менен басып алган соң барабан ойногусу келчү дешет. Барабан алып келишсе, ага болбой Акаевдин башын барабан кылам деп убара кылчу имиш. Путин менен беш жыл иштешип калды. Вокең жаңы президенттикке аралашып жатканда 2001-жылдын 11-сентябрдагы Кошмо Штаттардагы террористтик жардыруулардан улам, алардын авиабазасы «Гансини» Кыргызстанга кийирип авиакеросиндерди бизнес кылып Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков сыяктуулар чириген байларга айланышты. Акаев болсо кийин келген Путин жөтөлүп койсо селт этип чоочуп кетчү.

Курманбек Бакиев – 2005-жылдын 24-мартындагы жоогазын революциясы жаңы шайлоо өткөзүүгө дем берет. 2005-жылы июлда бүткүл элдик шайлоодо президент болуп шайланат. Путин менен үч жылдай иштешип калды, 2008-жылдан Орусияга Дмитрий Медведев президент болот. Өндүрүшчү Бакиев Камбар-Ата-2 ГЭСин кура баштаган, Орусия 2 млрд доллар жардам бермек. Экинчи мөөнөткө президенттик инаугурациясын өткөрөөр алдында ЖККУнун саммити болуп Медведев, Лукашенко, Назарбаев, Рахмон сыяктуу президенттер келишип, тойлоп кетишти окшойт. Бакиев жалгыз гана Орусиянын көзүн карабай Кытай, АКШ менен кызматташып, көп полярдуу саясат жүргүзгөнү, акыры анын бийлигинин түбүнө жетти.

Роза Отунбаева – 2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмаштыруу Убактылуу Өкмөттү жаратты. Ал Ош жаңжалы убагында 2010-жылдын 27-июнунда жаңы кабыл алынган Текебаевдин Констиитуциясы менен бирге президент болуп шайланды. Президенттик маалында Путин өкмөт башчысы эле. 2010-жылы 18-20-ноябрда Санкт-Петербург шаарында премьер-министрлердин жыйыны болгон. Бул жыйынга техникалык өкмөттө премьер жок болгондуктан президент Отунбаева катышкан. Кыргызстанда СДПК, «Ата-Мекен», «Республика» партиялары өкмөт түзө албай чанжырап турган. Путин мындай парламентке катуу ачууланып, мындай парламенттен көрө сиз башкара бериңиз деп Отунбаевага айтканы бар. Экинчи «попыткада» «Ата-Журт» партиясы кийлигишип, парламент сакталып калган.

Алмазбек Атамбаев – 2011-жылы күзүндө Адахам Мадумаров, Камчыбек Ташиев менен атаандашып президент болуп шайланды. Эгер Адахам Мадумаров менен Камчыбек Ташиев ошол мезгилде бириккенде, балким камалбаса да талаада машак терип калмак. 2012-жылы Орусия президенттигин Владимир Путин алып, Кыргызстан Орусия Федерациясынын бир субьектисинин милдетин аткарып калган. Орусия Кыргызстанды каалагандай калчады. 38 миллион долларга Жогорку Нарын мини ГЭСин куруп берем момпосуй бере тургансып алдады. «Кыргызгазды» 1 долларга сатып алды, бирок Өзбекстанга болгон көз карандылыктан кутулдук. 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына келди эле Алмазбек Шаршенович беркиден бастырып алган окшойт, «дос» деп  Путинди кучактап жүдөтүп жиберди. Путин «досу» Атамбаев камалган соң көңүл деле бурган жок.

Сооронбай Жээнбеков – Путин менен жакшылап таанышкыча кызматынан айрылды. Жээнбеков президенттиги учурунда экс-президент Атамбаев менен болгон чыр, ал Кой-Таш Элдик Республикасын түзүп, Кой-Таштын аркасы камалганы белгилүү. Камалар алдында Атамбаевдин жандосу Бельянинов келип Москвага салып кетип Путин менен жолуктурган. Атамбаев Орусия дегенде үзүлүп түшчү, анын камалышына Орусия эч реакция кылган жок.

Садыр Жапаров – Путин бийлик алмашуудан соң көңүл бургусу келбей жатты эле. Аны туурап анын көзүнүн агы менен тең айланган президенттер да. Бирок жакында болгон иш сапарында Садыр Жапаров чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, Путин менен бет маңдай сүйлөшүп, 623 000 000 рубль алып кайтты. Ушундан соң  Орусиянын Кыргызстанга болгон мамилеси жакшы жагына айланып бараткандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости