www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 17-февралында Ololo Ormonkhan офисинде KG Analytics уюштурган Казахстандан чыккан атактуу миллионер Маргулан Сейсембай менен болгон жолугушуу өттү. Ал өз сөзүндө кантип байыганын эмес, азыркы учурда эмне менен алек болгонун айтып берди.

Анын айтымында «Офис простых решений» деп аталган эксперттик топторду чогултуп, мамлекетте болгон көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн ар кандай сунуштарды беришет экен. Көбүнчөсү анын офистери КМШда жайгашкан мамлекеттерде иш алып барышат. Баардык эле мамлекетте ачууга мүмкүн эмес бирок, КРде ушундай мүмкүнчүлүк бар дейт.

Көптөгөн кызык нерселерди айтты, мен манилүүлөрүн белгилей кетсем:

1) Мыйзамды убагында кабыл алыш керек. Элге, алардын ичинен кичи жана орто ишкерлерге керек учурда шашып болсо да мыйзамды киргизиш керек. Андан көрө шашпай, бирок бүт деталдаштырып мыйзам чыгарабыз деген туура эмес деп белгиледим. Себеби, антип чыккыча ал мыйзамды кереги тийбей калат. Кыскасы ысыгында бүтүрүш керек;

‌2) Ар бир кылган ишти баалаш үчүн эки эле белги керек: «Эффективдүү» жана «Эффективсиз».

Башкы критерий катары караныздар;

3) Аллах ар бир элге өзүнө жарашыктуу лидер жөнөтөөрүнө ишенем. Эгерде эл ыймандуу болсо, анда тактыга эң ыймандуусун отургузат. Эгерде эл ууру болсо, анда аларды башкарганы эң ууручулуктун устазын жөнөтөт. Ошондой байланыштын чыныгы бар экендигине ишениптир;

4) Эксперт жана адис боюнча түшүндүрмө.

Маргуландын ою боюнча адис деген бул билими бар кызматкер же уста жана ар кандай көйгөй чыкса аны чечүү колунан келген, өз ишинин чебери. Эксперт болсо ал көйгөйдү чечип берет жана башкаларга кантип кылганын айтып берет. Себеби, ага тажрыйбасы менен бөлүшүү бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

5) Актуалдуу маалымат. Отургандардын баарына миллионер иш жүргүзгөндө актуалдуу маалыматты билиши жана ошону башкаларга жеткире билиши бул күчтүү сапат деп билдирди.

6) Борбор Азиянын «Стан» мамлекеттеринде мамкызматчылар жаш болсо дагы чоң «агашкаларга» айланып өзүн асманга көкөлөтө басып калышат. Алар эң негизги нерсени түшүнбөй жатышат, аларга жарандар жана бизнесмендер иштебеши керек, тескеринче мамкызматчылар ошолорго кызмат кылыш керек.

«Коррупцияга аралашкан адамдарды жоопко тартуу бул силердин колуңарда жана силер болушунча айтып турушуңар керек. Бирок ошол эле учурда бирөөнө каршы болуп, өзүңөр коррупцияга аралашкан «агашкаларды» үйгө чакырып, тойго чакырып, андан кийин аларга устукан тартып жана микрофон берсеңер, анда силер өзүңөр күнөөлүүсүңөр, алардан айырманар жок экен. Силер өзүңөр кызматка келсеңер, ошолорго айланып кетишиңер мүмкүн.

Мен мисалы, кандай болбосун мамлекеттик кызматтарда отургандарды чакыргым келбейт. Себеби алардын астында кызмат кылыш керек, жагыныш керек, ошондой нерсе такыр жакпайт". Дал ушул сөздөрдөн кийин көбү башын ийкеп, макул болгондугу көрүнүп калды отургандардын баарына», - деп белгиледи ал.

Жолугушуунун соңунда Маргулан Сейсембай Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка активисттер менен жолуугушаары маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости