www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте биологиялык активдүү кошулманын (БАД) түрлөрүн жашыруун даярдап сатуу менен алектенген чет өлкөлүк эки жаран аныкталды. Бул тууралуу 26-февралда Каржы полициясы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар «Сейдене майы», «Зайтун майы», «Омега 3-6-9» деген каражаттарды колго жасоочу жашыруун цех ачып алышкан деп айыпталууда.

Санитардык талаптар сакталбаган шартта, тийиштүү уруксаат документи жок иштеп жаткан цехтин ээлери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «мыйзамсыз ишкерлик» деген беренесинин негизинде катталды.

Финпол колго жасалган мындай продукция экономикага гана зыян келтирбестен адамдын ден соолугуна да залакасын тийгизээрин эскертүүдө.

Биологиялык активдүү кошулмалар расмий медициналык каражат болуп эсептелбейт.

Былтыр декабрда парламентте экономикалык мунапыс маселеси талкууланып жатканда Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 30% тегерегинде болуп жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости