www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 32 миңден ашык бейөкмөт уюмдар бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 25- февралда билдирди.
--“Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору демилгеленген. Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам буга чейин 2014-жылы да көтөрүлүп, бирок парламенттен колдоо тапкан эмес. Анда аларга “чет элдик агент” деген макам берүү маселеси козголгон. Ал эми жаңы мыйзамда коммерциялык эмес уюмдардын каржылык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо милдети көтөрүлгөн. Ошондо Кыргызстанда 32 миңден ашык бейөкмөт уюмдар бар экени аныкталды. Алардын ичинен 26 миң бейөкмөт уюмдар бир жылда кылган иштерин ачыктап беришмек. Ал эми батыштын кызыкчылыгын коргогон 10 миңге жакын бейөкмөт уюмдар бар. Бирок, алардын айрымдары чындыгында жакшы иш алып барат экен. Мисалы, жетим балдарга, майыптарга жана социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө көп жардам беришиптир. Ал эми айрымдары активдүүлүккө, эл алдына чыгып сүйлөөнү, суроону туура берүүгө, уюштуруу иштерин үйрөтүп, даярдап жана окутушат экен. Анан алар сүрөт, видео же жазуу түрүндө кылган иштерин отчёт берип жөнөтүшөт экен. Булардын иштөө тартиби башкача. Ал эми митингге чыгып, кыйкырып башкача жолдорду көздөгөндөрү дагы көп”, - дейт Райымкулов.
Булак: NazarNews.kg