www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында жайгашкан кафеде атышуу коштолгон мушташ болду. Кафенин кардарлары акчадан улам мушташ чыгарган. Бул тууралуу РЕН ТВ маалымдады.

Телеканалдын маалыматына караганда, Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында жайгашкан кафеде 5 киши эс алып отурушкан. Бир убакта алардын жанына эки киши басып келип кол салышкан. Алардын колунда газ баллончиги болгон. Ал эми эс алып отургандардын бири кокусунан эле аларга жардам берип баштаган, ал тапанча алып чыгып, ок чыгарган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салгандар карыздын айынан чыр чыгарышкан жана отургандардын сумкасын алууга аракет кылышкан. Мушташка катышкандардын айтымында, ал сумканын ичинде 500 миң доллардай акча болгон.

Ал Москва милициясы кабарлагандай, бул чырда бир адам жабыр тартып, ал ооруканага жеткирилген. Кол салгандардын бирөөсү кармалса, экөөсү качып кеткенге үлгүргөн. Ошондой эле алар акча бар делген сумканы алып кетишкен эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости