www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

МАИчилер айдоочуга ок чыгарышты

Чүй облусунда МАИчилер айдоочуну атып жарадар кылышты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-октябрь күнү саат 18.15тер чамасында Кант шаарында МАИ кызматкерлери рулда баратып телефон менен сүйлөшкөнү үчүн айдоочуну тосушкан. Бирок ал баш ийбестен Лексус GX 470 унаасы менен МАИчилерге сүзүп кетүүгө аракет кылып, андан соң каршы тилкеге чыгып качып жөнөгөн. МАИчилер мигалкасын иштетип, аталкан унаанын артынан кууп жөнөшкөн. Милиция кызматкерлери аны ашып өтүп, токтотууга аракет жасашкан, бирок ал буга жол берген эмес.

Алгач эскертүү иретинде табелдик тапанчадан асманга ок атылган. Бирок айдоочу баш ийбей койгондуктан унаанын эки дөңгөлөгүнө ок чыгарып токтотушкан. Ошондо да айдоочу каршылык көрсөтүп, МАИ кызматкерлеринин куралын тартып алууга аракет жасаган. Ушул себептен улам ага карата ок атылган. Саат 19.20да ал Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ошондой эле унаа 1991-жылы туулган М.У.Х. аттуу кишиге таандык экени аныкталып, унаа Кыргызстандын аймагында каттоого алынбаганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости