www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз интернет айдыңында Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Кожомкул Кааба уулу атындагы спорт ордосунун оңдоп-түзөө иштеринен кийинки көрүнүш жарыяланып, анда аталган спорт сарайдын жетекчилиги, маданият министрлиги, Кыргызстандын аткаруу бийлиги жана оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөткөн мекеме сынга кабылды.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, демөөрчүлүк кылган компания өз аталышын ар бир олтургучка балчайтып жаза берген. Мындан улам интернет колдонуучулардын кыжыры кайнап, “Эми эмне, Элит-хаус ордосу дейбизби?”, “Бир жолу эле Тимур Файзиевин да жазып коюшпаптыр”, “мамлекеттин алсыздыгы”, “Ошого уруксат берген аткаминерлер беттерине да жаздырып алышпаптыр. Бир тактай доскага жазып койсо деле билет элек” деген пикирлерди жазышууда. Кызыгы, ошол эле учурда тиги демөөрчүлөрдүн таламын талашкандар да көбөйө баштады.

Доор алмашканбы? Же капитализмдин анык жүзү ушулбу?   

Аталган спорт ордосунун курулуш долбоору 1941-жылы эле түзүлгөнү менен ал 1974-жылы гана ишке ашкан.

Кожомкул атындагы спорт ордосу СССР кезинде эле тарыхый, илимий, көркөм жана мемориалдык жактан республикалык деңгээлдеги архитектуралык курулуш катары эсептелип келген.

Бүгүнкү күндө аталган ордо бир гана спорттук иш-чаралардын эмес, ар кандай деңгээлдеги концерттик кечелер өтүүчү маданий борборго да айланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости